Каракол шаарындагы шамалдан келтирилген чыгым 394 550 сомду түздү

25

Каракол шаарындагы шамалдан келтирилген чыгым 394 550 сомду түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2020-жылдын 27-июнь күнү саат 14:45 чамасында секундасына 25 метрге жеткен (Бофорт шкаласы менен) шамал катталып, Масалиев көчөсү №45 дарегинде жайгашкан “Май Хотел” мейманканасынын кампасынын 475 чарчы метр түзгөн темир чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

28-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 29-июнь күнү комиссия тарабынан акт түзүлүп, шамалдан келтирилген чыгым 394 550 сомду түзгөн.

 Басып чыгаруу