Медер мырза, Соц.фонддун «Кыргыз почтасына» бере турган 20 млн. сом карызынын тагдыры эмне болду?

252

Ɵкмɵткɵ караштуу Социалдык фондун жетекчиси Медер Ирсалиевдин «крышасы», мурунку ɵкмɵт башчы М.Абылгазиев кызматтан кеткенден бери маанайы жок жүрү. Айтмакчы ушул Медер мырза тууралуу бир фактыны алдыңыздарга тарталы. Социалдык фонддун «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасына 20 миллион сомдун тегерегиндеги карызы болгон экен. Ал качанкы карыз экени бизге белгисиз, Медер Ирсалиев ɵзү жетектеп олтурганда же мурунку жетекчи Муканбеткалый Абылгазиев башкарган учурда тɵлɵнɵбɵй калган карызбы так айта албайбыз. Айтор, карыз экен. Ошол Социалдык фонддун карызын кечкин (списайт эткин) деп М.Ирсалиев Кыргыз почтасынын мурунку жетекчиси Марс Дамировичти кыйнап, сɵзүн укпай койгондо мурунку ɵкмɵт башчы Абылгазиев экɵɵ ортого салып кысымга алганы кандай? «Жɵндɵн жɵн эле мамлекеттин 20 миллион сомун эмнеге кечишим керек? Социалдык фонд «Кыргыз Почтага» болгон карызын милдеттүү түрдɵ тɵлɵш керек!», – деп Наспеков так кесе жооп бериптир. Айтканына кɵнбɵй койгон Марс Наспековду кысымга алып атышып арызын жаздырышты го. Медер Ирсалиевден сурайлы дедик эле, ошол 20 миллион сом карыздын тагдыры эмне болду? Тɵлɵдүңɵрбү же дагы деле турабы? «Кыргыз Почтасына» келген жаңы жетекчи Шамилбек Уметовичти да кыйнап кечтирип салган жоксузбу?

Де-Факто