Кокуй качкыла, Марат Султанов ойгонду!

742

Кай бийлик болбосун кызматтык бактыдан куру болбогон эргулдар бар. Алардын бири Марат Султанов. Соңку убакта карааны сээлдей түшкөн Султанов Кыргызстандагы кандай кызматтарды чеңгээлдебеди: Улуттук банк төрагасы, эки ирет каржы министри, үч чакырылыштын депутаты, спикер, социалдык фонддун төрагасы өңдүү өңчөй үлкөн кызматтарды кучактаганын билебиз. Пул дегенде кɵзү кызарган Макебиз 2015-жылы да парламентке “Бир Бол” партиясы менен аттанып, мандат бактысына кайрадан ээ болгон. Бирок, мандатын капчыктуу бирɵɵнɵ пулдап жибергени ыраспы? Эми ошондой “өнөрүн” кайрадан сагынганбы же акчасы азайганбы ушул күндөрү кайрадан “Бир Болдун” штабын шынаарлап, келечек багытын аныктоого батыл киришкени каңкууланды. Эл башына күн түшүп турганда каржылык жардамды мындай кой, адилеттүү пикирин айтканга жарабаган Абдразакович алдыңкы чакырылыштан деле жакшылык күтө албайбыз го? Пенсиясын алып, экономикалык багытта билим алган студенттерге илими менен бөлүшүп, экс-спикерлерден куралган жоон топтун ар кварталдагы жыйынына катышып жүрө бербейби? Же сөзсүз эле ушуну калайыкка жар салып, гезит аркылуу айтып чыгышыбыз керек беле?

Де-Факто