Калык Султанов баласын аттап-тондоп, жарышка таптоодобу?

201

Айтылуу «курулуш-магнаты” Калыкбек Султанов учурда ден-соолугуна кам кɵрүп, ага удаа жеке иштери менен алектенүүдө. Каарманыбыздын күзүндɵ ɵтɵ турган парламенттик шайлоого бараар, барбасы азырынча чечиле элек. Соңку күбүр-шыбырларга таянсак, Калык мырза бу сапар өзү эмес, аламанга уулун аттап-тондоп жатканы, кичи мекени Кочкордун шамалы менен кошо желдей тароодо. Бул жагынан алдыңкы күндөрү дагы да бүйүр кызыткан кептер ачыкталаары айтылууда. Аныгында кичи мекени Кочкор районунан атан төөдөй аброй күткөн кадырлуу Калык Султанов кайсы партияны колдосо ошол партия экинин бирине айланып, жеңишке жетээри буга чейинки аламан жарыштарда далай ирет далилденген. Өзү сүрөөнгө алган партияны кичи мекенинен алдыга “уруп чыгараары”, жердештери курулуш магнатын жабыла колдоп беришээрин бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. Кыскасы, Калык колдоого алган партия жерде калбайт.

Де-Факто