Жол министрлигиндеги жемкорлук боюнча Жанат Бейшенов үн катып койсо боло

134

Транспорт жана жолдор министрлиги коррупциянын очогуна айланганы кɵп жылдар бою айтылып келип, орун басары 500 миң долларлык пара менен кармалган маалда жемкорлуктун бети ачылганын билебиз. Ошондо моралдык жоопкерчиликти моюнга алып министр Ж.Калилов отставкага кеткени барыбызга маалым. Анан эле тармакта бир күн иштебеген Жанат Бейшеновду таап чыгышып, жемкорлукту жойот деген ишеним менен жетекчиликке дайындашкан. «Калк айтса калп айтпайт» дегендей, элге жүзүн кɵрсɵтɵрү менен «бул Бейшеновдун ɵңү-түсү, кепете-кешпири, дегеле турган турпаты менен коррупция жыттанат экен» дешкен. Айтылган кептер чын чыгып, жолдор министрлигиндеги коррупция мурдагыдан бешбетер былгып жатып калды. Чекеден камалып жатат. Орун басары Жеңишбек Ногойбаев министрликтеги кыңыр иштерди жабыш үчүн УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын ɵкүлдɵрүнɵ 10 миң доллар пара берип жатып кармалды. Ага улай агенттиктин башчысы Анарбек Бекмуратов да темир торго кигизилди. Бирок, Бейшеновдун бодурайган бети «бетон» экен, Калиловдой болуп отставкага кетпей койду. Жемкорго жетекчилик жоопкерчилик тартат деген Президенттин сɵзүн да кɵзгɵ илбеди. Колуңдан келгенин кыл дегендей эле отурат. Ɵкүнүчтүүсү, карантин бүтɵрү менен Бишкек-Ош автожолунда ири коррупциялык схема аныкталып, министрликтин 12 кызматкери кармалды. Алардын арасында «Сосновка», «Кара-Кɵл» тоннель бекеттеринин башчылары да тузакка түштү. Кɵп ɵтпɵй, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жакында эле кызматтан чегинген жетекчиси Канатбек Абдыкеримов мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында камалды. Айтор, Жанат Бейшенов келгенден бери жемкорлук болуп кɵрбɵгɵндɵй гүлдɵдү. Факты менен кармалып жатат. Тилекке каршы, «Алтын балыктын» образындагы Жанат мырза үн катпай отурат. Демек, алар менен «табакташпы»?

Де-Факто