Бишкекте бир жума ичинде 49 мас айдоочу кармалган

15

Бишкекте 22-28-июнь күндөрү Милициянын кайгуул кызматы тарабынан 5 миң 292 жол эреже бузуу аныкталган.

Бир жума ичинде аныкталган жол эреже бузуулар:

– унааны мас абалында айдаганы үчүн – 49 айдоочу;

– алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып алганы үчүн – 28 айдоочу;

– айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдаганы үчүн – 63 айдоочу кармалган;

– башка жол эреже бузуулар – 5 миң 152.

345 унаа айып аянтчасына коюлган.