Тизме – Сурамжылоодо Курсан Асанов алдыңкы беш саясатчынын катарын толуктады

654

Бычакты кайраган сайын курчуйт демекчи, элдик генералдын мойнуна улам бир күнөөнү койгон сайын анын калк арасында кадыры калыңдап барат. Жөнөкөй жарандар эмес, айрым полковниктер көчөдөн жолугуп калса кучактап учурашып, баары бир чындык жеңерин айтышып, генералды миңдеген кызматкерлер күтүп жатканын айтканы, анын калк арасында эле эмес, ИИМдин ичинде да кадыр-баркка ээ экенин билдирет.

Эл билген эрдиги Ош коогасында көрүнүп, далай балтыр эт балдардын “чоңойсом Курсандай болом” деген изги тилектеринин ичинен чыкты. Калкка кастарын тиккен кандай гана башаламан окуялар орун албасын, ал жерде анын атуул, жетекчи катары орду билинип эле жүрдү. Акыркы эле Кой-Таш окуяларында ок кадашаар опурталдуулук жерден, чыныгы генералдык ишин кылып, кан көксөбөгөн атуулдук аракетинин арты, аны “саясий туткунга” айлантты. Коом үшкүрүндү. Демек, калк ичинде анын каармандыгы, кадыры өстү!

Анын натыйжасы сурамжылоолордо билинип жатат. Тагыраагы, Азияньюс гезити ай сайын коомдо орду бар, белгилүү инсандардан сурамжылоо жүргүзүп, саясатчылардын салмагын, рейтингин аныктап келет. Гезиттин акыркы санындагы сурамжылоодо Элдик Генерал салмактуу саясатчылардан озуп чыгып, 4 – орунду багынтыптыр. Албетте, бул Курсан Асановдун калк арасында эле эмес, саясий чөйрөдө да кадыры бар экенин айгинелейт.

Булак:ЧЫНДЫК