Тизме – Сурамжылоодо Аликбек Жекшенкулов күчтүү саясатчы катары тизменин сап башына чыкты

966

Россия Федерациясындагы Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов дасыккан жетекчи катары купулга толууда. Жогорку ишенимге татып, элибизге кам көрүү аракеттери ачык көрүнүүдө. Өзгөчө учурда түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу Элчилик Россиядагы мекендештердин камы менен алек. Мекендештерди мекенге кайтаруу жаатында да алгылыктуу иш чаралар уюштурулуп, чартердик каттамдар уча баштады. Аларга ар-тараптуу жардамдарды берүүдө алгылыктуу иштер аткарылып жатканына күбө болуудабыз.

Албетте, Жекшенкулов мекендештерибиздин укуктарына, алардын келечегине кам көрүүдө. Ток этери, мигранттарыбыздын көйгөйлөрүнүн чечилип жатышы элчибиздин эмгеги болгонун баса белгилейли. Иш жүзүндө Жекшенкулов Россиядагы ири шаарларды, облустарды кыдырып, ал жактагы эмгек мигранттарыбыздын абалы менен таанышып, укуктук жардам көрсөтүүгө, жакшы шарттарды түзүүгө белсенип келет. Андыктан, аларга дух берүү зарыл экенин элчибиз эң сонун түшүнудө. Бекеринен миңдеген мигранттар, алардын туугандары Аликбек Жекшенкуловду алкап жатышпаса керек. Чыны керек Аликбек Жекшенкулов арыштуу кадамы менен дагы бир ирет кесипкөй дипломат экенин далилдей алды. Бекеринен калк арасында өлкөдөгү №1 дипломат катары аталбаса керек да. Андыктан, Аликбек Жекшенкулов дипломатиянын үлгүсүн көрсөтүп, кыргыз дипломатиясынын күзгүсү катары бааланууда. Башка элчилерибиз Жекшенкуловдон үлгү алса болчудай.

Анын натыйжасы сурамжылоолордо билинип жатат. Тагыраагы, Азияньюс гезити ай сайын коомдо орду бар, белгилүү инсандардан сурамжылоо жүргүзүп, саясатчылардын салмагын, рейтингин аныктап келет. Гезиттин акыркы санындагы сурамжылоодо Жекшенкулов салмактуу саясатчылардан озуп чыгып, 1 – орунду багынтыптыр. Албетте, бул Аликбек Жекшенкуловдун калк арасында эле эмес, саясий чөйрөдө да кадыры бар экенин айгинелейт.

Булак:ЧЫНДЫК