Профессор Мария Нанаева дүйнөдөн кайтты

99

Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Мария Нанаева 26-июнда, 93 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Мария Нанаева – белгилүү коомдук ишмер, окумуштуу Кайып Оторбаевдин жубайы, мурдагы премьер-министр, экс-депутат, экс-министр Жоомарт Оторбаевдин энеси.

“Чындык” маалымат агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.