Мандат бактысына жетүү үчүн Бакыт Төрөбаев маймыл менен да биригүүгө даярбы?

575

“Өнүгүүчү” Бакыт Төрөбаев кайрадан депутат болуу аракети менен уйку бетин көрбөй, чыйпылыктап, эт-бетинен кетип жүрөт. Бул ирет өзү жетектеген “Өнүгүү” партиясы парламенттин астанасын аттай албасын сезгендиктен капчыктуу топко ирмешип, үлкөндөрдүн койнуна башын катыруунун камы менен күйпөлөктөп чуркоодо. Соңку күбүр-шыбырларга караганда Бакыт Төрөбаев “Мекеним Кыргызстан” сыяктуу бийликчил партиялардын бириси менен алдыдагы аламандын планын бышыктап, маселе чечилип калганы каңкууланды. Эгерде бул план ишке ашса, Бакеңер бийликчил партиянын арты менен кайрадан парламент төрүн ээлей берээрине ишенсеңер болот. Баягы “шайтандын көзүн жазгырып болсо да…” деген кептегидей, буларың бийликке болгон эңсөөсүн кандырыш үчүн ажыдаар менен да бириге беришеби? Анан кантип мындайларга ишеним болот?

Булак:Де-Факто