АЛЫМЖАН КОЗУБАЕВ: “КАШКАР ЖУНУШАЛИЕВ МИЛИЦИЯГА КҮЙБӨЙТ…”

226

Полковник Алымжан Козубаев убагында өтө оор кылмыштардын бетин ачып, өлкөбүздөгү эң күчтүү оперлердин катарын толуктачу. Сабаттуу, тажрыйбалуу кадр. ИИМдин бир катар жетекчилик кызматтарында иштеп, элибиздин коопсуздугуна жана милициянын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон.

–Алымжан мырза, соңку убакта министр Кашкар Жунушалиевдин ишмердигине көптөгөн сын пикирлер айтылууда. ИИМде профессионал кадрлар калбай калганбы?

–ИИМде кесипкөй, илим-билимдүү кызматкерлер көп, бирок, аларды ар кандай жетекчилик кызматтарга коюу үчүн Кашкар Жунушалиевдин акылы, духу да жетпейт. Ийгилик жаратканга кызыкдар эмес. Системага реформа жасоо, өнүктүрүү, кылмыштуулук менен күрөшүү – анын колунан келбейт экен. Кашкар Жунушалиевге ИИМ тарап кетсе да баары бир окшойт. Бул милицияга күйбөйт!

–Учурда өзүңүз эмне менен алексиз?

–Жатам үйдө, карантинде… 

Aryba.kg