Ысык-Көлдө жигит унааны айдай качып, жол кырсыгынан каза болду – сүрөт

23

Ысык-Көл облусунда жигит унааны айдай качып, жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июнда болжол менен саат 03:00дө Каракол шаардык милициясына Каракол – Каракол-Пристань унаа жолунун 1,800 чакырымында жол кырсыгы болгондугу тууралуу билдирүү келген.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу Каракол шаарынын 22 жаштагы И.Ф., аттуу жигит 18 жаштагы Ш.М., аттуу таанышы менен саат 02:30дар чамасында шаардагы СИЗО-23түн жанында турган “АУДИ-А6” унаасын айдап качкан. Андан кийин жигиттер Каракол-Пристань унаа жолунда бара жатканда И.Ф., аттуу жаран рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Жол кырсыгынан улам И.Ф., аттуу айдоочу жеринде каза болгон. Ал эми Ш.М., аттуу жүргүнчү жаракат алып, Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү экспертиза даярдалган