Тизме – Фавориттер жана аутсайдерлер. Кыргызстандыктар кайсы партияларга артыкчылык берет…

434

Шайлоого чейин болгону 4 ай калды, ал эми эл болсо шайлоого кимдер келе турганын кɵп деле билбей турган чагы. Аларга шайлоонун деле кызыгы жок болуп турат, азыркы кризис байгер үй-бүлɵлɵрдүн бюджетин да бошоңдото койду. Жугуштуу оорунун саны ɵсүп жатканына байланыштуу, Кыргызстанга күзүндɵ дагы ɵзгɵчɵ кырдаал киргизилиши мүмкүндүгү тууралуу кептер жүрүп жатат. Бирок, азырынча так жооп жок, саясий партиялар акырындан азыртадан эле ɵз ишин жигердүү жүргүзүп башташты. Кыргызстандыктар кайсы партияларга артыкчылык кɵрсɵтүшɵрүн, алардын шайлоо жарышында утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү канчалык экенин талдап кɵрɵлү.

Изилдɵɵлɵр жана сурамжылоолор абалкыдай эле кɵрүнүшкɵ ээ. Кыргызстандыктардын кɵпчүлүгү баштапкы үчилтикке: КСДП, «Республика» жана «Ата Мекен» партияларына ишеним кɵрсɵтүшүүдɵ.

Бул мурунку шайлоодо кандай ресурстар жумшалганын эске алуу менен ишке ашышы мүмкүн. Же «Республика» менен КСДП партияларынын күчтүү экени элдин эсинде жакшы сакталып калганы да буга себеп болсо керек. Ошентсе да, азыркы кырдаалды байкап кɵрсɵк, биз бир аз башкачараак элести кɵрүүгɵ болот: КСДПдагы ички бɵлүнүп-жарылуу, «Республикадагы» бош орундар, алардын лидерсиз да, негизги тарапташтарсыз да калгандыгы.

КСДП ɵз тарыхы, тарапташтары менен күчтүү партия эле. Бирок, шайлоо алдында бир топ кайгылуу окуялар болуп ɵттү. КСДП мындан беш жыл мурун эле бардык шайлоолордо бир ɵңчɵй, талашсыз фаворит болуп, Жогорку Кеңештин ɵткɵн чакырылышында кɵпчүлүк коалициясынын башында туруп келди. Партиянын лидери аралашкан Кой-Таш окуясы жана ага байланышкан сот иштери зор саясий күчтүн бирин биротоло быркыратты. Ɵлкɵдɵгү тарыхы чоң партиялардын биринин талкаланганын далилдеп, КСДПнын катарындагы негизги фигуралар чыгып да кетти. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, бул дал ушул шайлоо алдында жүз берди. Эми КСДП октябрга чейин жаңы күчтүү курам түзүп, кайра жандана алабы? Андай болбой калды го… Анын үстүнɵ КСДПнын кайсы бɵлүгү, Атамбаеви мененби, же Атамбаеви жогубу, негизгиси экендигин, шайлоого чейинки юридикалык меселелерин чечүүгɵ үлгүрбɵйт деген божомол бар.

Ал эми «Республика» боюнча айта турган болсок, кырдаал жакшы эмес. Ɵткɵн жылдагы эл аралык изилдɵɵлɵрдүн жыйынтыгына саресеп салсак, «Республика» андан мурдараак эле эле элдин сүймɵнчүлүгүнɵ ээ болуп келген, ал эми КСДП жана «Ата Мекен» экинчи жана үчүнчү орунда эле. Баса, президенттик шайлоодон кийин Ɵмүрбек Бабанов эл арасында дурус пикирге ээ болчу. Тилекке каршы, бɵлүнүп-жарылуулар жана лидердин жоктугу шайлоо алдындагы жарыштарда ачыкка чыгат эмеспи. Бабанов түрдүү партиялар менен жолугушуп, аларга ɵз досторун жана партиялаштарын кошуп алууну сунуштап жаткан имиш. Күн санап шайлоого аз убакыт калып барат… Ɵмүрбек Бабанов шайлоо алдында пайда болобу, жокпу али белгисиз. Бабанов дайыма бийлик менен тил табышууга шыктуу эле, сыягы, аны азырынча шайлоого катышууга уруксат беришпеген окшойт. Бирок, «ɵнɵкɵт» ишенимге ээ болуу ага кыйынга турат, анткени анын партиялаштары эң кыйын кырдаалга туш болгондо ɵлкɵдɵн чыга качуу ɵнɵрү бар эмеспи.

“Ата Мекен” – туруктуу оппозициялык күч. Биз ал партиядан эмнени күтсɵк боло турганын күн мурун билгенсийбиз, бирок бул жолу жаңы күчтɵрү менен баарын таң калтырды. Мындай биригүүгɵ карата айтылган кескин сын-пикирлерге карабастан, бул күтүүсүз кадам шайлоочулардын кɵңүлүн ɵзүнɵ бурду жана жетинчи кабатка жаккан жок. «Ата Мекендин» жаш лидерлеринин бири – Жанар Акаев парламентте «Ата Мекен – Жаңы Дем» бирикме жана бийликке карата айткан сын пикири тууралуу материалын ɵлкɵнүн башкы каналы эфирге чыгарбаганын айтууга үлгүрдү. «Ата Мекен» бийликке каршы иш алып бара турганын жарыя кылды, бирок бул кооптуу. Азыркы ɵлкɵ жетекчилигинин тушунда андан бетер кооптуу. «Ата Мекендин» дагы бир демейки кɵйгɵйү бар – ал акча. Шайлоо, баарыбызга белгилүү болгондой, чыгашалуу процесс, «Ата Мекенде» акча болобу, болбойбу – азырынча белгисиз. Бирок, алардын оппозициялык маанайы бийликтин карантиндик чектɵɵлɵрүнɵн тажаган эл үчүн бүгүн болуп кɵрбɵгɵндɵй олуттуу.


Лидерлерден жана электораттын сүймɵнчүктɵрүнɵн башка да шайлоочулардын ишенимине ээ болгусу келбегендер деле шайлоого барат. «Кыргызстан» демейдегидей эле ɵзүнɵ ишенип, тынч турат, анткени кɵчтүн башында бийлиги да, акчасы да барлар – Шаки Абдыкеримов, Канатбек Исаевдер турат. Бирок, маалым болгондой, лидер бирɵɵ болуш керек, андыктан эки атаандыштык «Кыргызстанга» пайда алып келиши да мүмкүн, келбеши да мүмкүн.
Жаңы пайда болгон «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын багыты тууралуу пикир айтуу азыр эртелик кылат. Алар кандайдыр-бир активдүүлүк деле кɵрсɵтүшɵ элек, бирок анчалык оңдуу пикир жарата албаса да, алга умтулуп жатышат. «Мекеним Кыргызстан» президентке таасирдүү жана ага жакын Матраимовдордун кланынын чɵнтɵктүү партиясы экенин баары билет. Ал эми «Биримдикти» президенттин иниси Асылбек Жээнбеков чогултуп жатканы айтылып жатат. Азырынча ал дагы, бул дагы партия мыкты абалда эмес. Ошентсе да, түштүктɵгү электоратты алар ɵздɵрүнɵ оодара алышары шексиз. Элдин сүймɵнчүгүнɵ ээ боло алабы? Ал күздɵ белгилүү болот.
Ɵз ордун активдүү издеп жатышкан «Бирбол» жана «Ɵнүгүү» сыяктуу майда партиялар, Ташиев менен Мадумаровдун партиялары тууралуу биз азырынча эч нерсе дей албайбыз. Алар бири-бири менен жана бийлик менен келишүүгɵ далалат жасап жатышат, ал эмне менен аяктайт, азырынча беймаалым.