Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда – ӨКМ

11

Бишкек шаарында каронавирус илдетин алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-июнда Бишкектин Асанбай жана №6, №11, №12 кичи райондорундогу турак жайлардын короолорунда, балдар ойноочу аянтчаларда, дүкөндөрдө, дарыканаларда жана жөө жүрүүчү жолдордо дезинфекция иштери жүргүзүлдү. Жалпы аянты 4800 чарчы метрди түздү.

Дезинфекциялоо жумуштары уланууда.