Нурлан Азыгалиев, кыргыз-түрк форумунун соода жана өндүрүш палатасынын төрагасы: «Азыркы учурда өкмөтүбүз экономиканы жана өндүрүштү жогорулатуу жана экспорт боюнча экинчи кризиске каршы планды иштеп чыккандыгы кубандырбай койбойт»

108

— Нурлан мырза! Таажы кризиси, негизи эле пандемиянын өзү экономика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактарга көптөгөн көйгөйлөрдү жаратканы анык болду. Баары эле бул нерсени билип көрүп турушат. Бирок бул кризистен чыгуу аракети көрүлүп жаткандыгы көрүнбөйт. Баары аракет кылууда. Жакында эле Экономика министри ЕАЭС мамлекеттеринен интеграция биримдигинде маселе чечүү алкагында жардам суроону сунуш кылган. Бүгүн ушул маселени силер менен талкуулагым келип турат. Кыргызстан-Түрк соода жана өндүрүш палатасынын мүчөсү болгондуктан биз карым-катнаштарды колдонуп жагдайды жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар эмеспи?

— Ооба, албетте. Бирок бул жерде анча-мынча Түрк соода жана өндүрүш палатасынын алгачкы тарыхын айтып өтсөк. Түрк соода жана өндүрүш палатасы 2019-жылдын май айында түзүлгөн. Ага 5 өлкө мүчө болуп кирген — Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан. Бул палатанын катчылыгы Стамбулда жайгашкан. Биздин соода жана өндүрүш палатабыздын негизги максаты биздин өлкөлөр арасындагы соода жана экономика кызматташтыгын бекемдөө. Ишкерликти жана сооданы жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү. Туруктуу сүйлөшүүлөрдүн механизмин түзүү. Бирок тилекке каршы пандемия биздин Түрк мамлекеттерибизди гана эмес бүт дүйнөнү каптоодо. Пандемия шартында да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мисалы түрк соода жана өндүрүш палатасынын отуруму болуп өттү. Ал жерде 5 мамлекеттин соода жана өндүрүш палатасынын төрагалары катышкан. Финансылык колдоо көрсөтүү, субсидия жана насыя берүүчү компанияларга жеңилдик берүү маселелери каралган. Түрк тилдүү мамлекеттердин кичине жана чоң ишкерликти колдоо боюнча сактык чараларын ишке ашыруу, жашыл өтмөк уюштуруу. Анткени, пандемияга байланыштуу баары бекинип алгандыгын да түшүнсөк болот. Чек аралар жабылып, бажы пункттары иштебей калган. Ошондуктан азык-түлүк, медициналык даары-дармектерди, инфекцияга каршы дарыларды ташуу маселесин чечиш керек эле. Азыркы учурда жогоруда айтылгандын баары биздин Кыргызстан үчүн да азык-түлүк коопсуздугунун бир бөлүгү болуп эсептелет.

— Палатанын курамына кирген мамлекеттер ортосунда мунай зат, күйүүчү майлар менен камсыздоо маселелери да барбы?

— Албетте бул анык нерсе. Сиздер билгендей 5 мамлекеттин ичинен Азербайжан менен Казакстандын нефти өндүрүшү таажы кризисинен чыгууда чоң жардам болот. Алардын эбегейсиз запасы бар. Мисалы Казакстандыкы 100 млрддын тегерегинде. Бизде тилекке каршы мындай мүмкүнчүлүктөр жок, андыктан биз кол-бутубузду иштетип, мээбизди да колдонушубуз керек. Кичине жана орто ишкерлик биздин мамлекетибиздин чоң бөлүгүн түзөт. Бул жагдай албетте дагы оорлойт.

— Мындан кайсы жол менен чыгууга болот?

— Эгерде глобалдуу алып карасак Түрк соода-өндүрүш палатасынын Ички дүң продукциясы 1 триллион долларды түзөт. Жалпы рынок 160 млн адамды камтыйт. Мен бул фактылар менен Түрк соода-өндүрүш палатасынын күчүн баса белгилегим келип жатат. Бул күч мындан да жогорулап өсмөкчү. Бул нерсеге Венгрия жана Түркмөнстан байкоо жүргүзүүдө.

— Бул топко Өзбекстан киреби?

— Өзбекстан былтыр эле сентябрь айында биз Ташкентте болгондо кирген. Ал жерде биз Түрк соода жана өндүрүш палатасынын отурумун өткөргөнбүз. Бизнес-форум жана эки тараптуу жоолугушуулар өткөн. Өзбекстан киргендиктен биз эми Венгрия менен Түркмөнстанды күтүүдөбүз. Алар быйыл буюрса кирет. Биздин мамлекеттерибиздин бири-бирине колдоо көрсөтүү жагын алып карасак бул абдан чоң жана жакшы рынок. Пандемия убагында биз Түрк тарабынан жети областыбызга гуманитардык жардам ала алдык. Пандемия убагында Түркия биздин дарыгерлерибиздин жетекчилигинин алдында кыргыз-түрк ынтымагы бейтапканасын ачууга мүмкүнчүлүк түздү. Казакстан бул учурда 5000 тонна ун менен жардам берген, бул дагы абдан маанилүү нерсе. Өзбекстан болсо 1000 тонна ун, ар кандай азык-түлүк, коргонуучу каражаттарды, респираторлоду жиберишкен. Өзбекстандагы суу сактагыч жарылган учурда да биз Өзбекстанга колдоо көрсөткөнбүз. Ушундай бири-бирибизге болгон колдоо көрсөтүү иштери азыркы оор учурда биздин мамлекеттерибиздин ортосунда болгон мамилени бекемдейт. Азыр мен Түрк соода жана өндүрүш палатасы боюнча айтып жатам. Сиз белгилегендей Өзбекстан менен Казакстанда нефти өндүрүшү абдан өнүккөн, Түркия дагы ар тармакта көп өнүгүүлөргө жетишкен айрыкча айыл чарба жагынан. Ал эми Кыргызстан болсо өзүңүздөр билгендей Совет убагында да, азыр да агрардык мамлекет болуп эсептелет.

— Бул жөнүндө көп айтылганы менен натыйжасы кандай болууда?

— Жыйынтык азырынча жок. Бирок биз Кыргызстандын географиялык жайгашуусун жана жаратылыш ресурстарынын артыкчылыгын эске алышыбыз керек. Кыргызстандын жеринин 96% тоо түзөт, биз деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктикте турабыз, бул нерселер биздин көрсөткүчтөрүбүздү төмөндөтөт. Өз убагында Кыргызстан айыл чарбасы менен чоң аймакты камсыз кыла алган, эт менен камсыз кылуу боюнча белгилүү болгон. 1985-жылы 12 млн баш кой бар эле ал кезде биздин калктын саны 4,5–5 млн адамды түзчү. Эсептей келсек бир адамга үч койдон бөлсө болоор эле. Кийинчерээк туурабы же туура эмеспи биз сүт өндүрүү жагына бет алганбыз. Андыктан 12 млн баш мал 6 млн кыскартылган. Албетте ишенимди жоготпошубуз керек. Биздин тукум өстүрүү чарбачылыгыбыз акырындан болсо да өнүгүүдө. Алар тукумдуу малды ар кандай жогорку натыйжага жеткиришүүдө. Мен билгенден кээ бир чарбалар ар кандай тукумдарды кошуу менен жаңы тукум алууда. Малдын кыргыз жана башка тукумдары пайда болууда. Кээ бир региондордо өсүш бар. Кадимки уйду багып 10–15 литр сүт алгандан көрөкчө ошол эле тоютка тукумдуу уйлардан 28–30 литр сүт алса болооруна көзүбүз жетти. Биз тукумдуу малга каражат жумшоо керектигине көзүбүз жетти. Ошону менен бирге биз сандуу өндүрүштөн сапаттууга өткөнгө аракет кылып жатабыз.

— Менин угушумча сиз канаттууларды багуучулар менен сүйлөшүүңүздө Сыктывкар тоок фабрикасынан контрабандалык жумуртка жана тоок эти кирип жатканына даттанышкан эле…

— Тилекке каршы бул нерсе биздин ата мекендик өндүрүштү өлтүрүүдө. Бирок пандемия убагында, 22-мартта өзгөчө кырдаал киргизилип, биз чек араларды жапкан учурда өзүбүздүн өндүрүшүбүз токтогон эмес. Азыркы учурда өкмөтүбүз экономиканы жана өндүрүштү жогорулатуу жана экспорт боюнча экинчи кризиске каршы планды иштеп чыккандыгы кубандырбай койбойт. Бул ачылыштар биздин мамлекетибиздин өнүгүшүнө иштейт деп терең ишенем. Биз айыл чарба технологияларына тезинен өтүшүбүз керек. Биз Совет доорунда Фрунзе атындагы машина куруучу заводубуз менен белгилүү болчубуз. Бүткүл союзга чөп таңгактоочу техникаларды жасап чыгарчубуз. Биз өнүгүшүбүз керек, анткени бүт дүйнө жүзү жаңы технологияларды айыл чарбасына киргизүүдө. Тракторлор аралыкта башкарууга өтүп жатат, атайын программалык камсыздандыруу колдонулууда, ага айдоо же чабуу программасын жүктөп иштетишүүдө. Био жер иштетүү колдонулуп, жерге зыяны чоң болгон минералдык жер семирткичтерден баш тартып, жырткычтар менен күрөшүүдө органикалык семирткичтерди колдонууга өтүшүүдө. Бул нерселердин баарын кошуна өлкөлөрдөн үйрөнүшүбүз керек. Мисалы Түркиядан. Башкарууну автоматташтырышыбыз керек. Азыр дүйнө жүзү цифровизацияга өтүүдө.

— Сиз Түрк соода өндүрүш палатасынын мүчөсү катары бул маселени талкуулооңуз керек. Бирок бизде бул нерсе эмдигиче жок да, эмнеге?

— Июнь айында биз Түрк соода жана өндүрүш палатасынын кеңешмесин Ысык-Көлдө өткөрмөкпүз. Ошол жерде 5 мамлекеттин палата төрагаларынын катышуусу менен бизнес форум өтмөк. Бирок пандемия өз берүүлөрүн киргизди. Албетте онлайн режиминде иштеп, маселелерди талкуулашыбыз керек эле. Адамдар жүрүшү болгон жок бирок товарлар келип кетип жатат. Бул боюнча эмнеге иш жүргүзүүгө болбойт?

— Биз билгенден сиз ар дайым элге жардам берип турасыз. Эл негизинен эмнеге муктаж экен?

— Мен дайыма колдон келген жардамымды Панфилов районунун тургундарына берип турам. Азык- түлүк, даары -дармек, майыптар үчүн коляска жана башка менен жардам бердим. Эгерде ар бир жаран муктаж болгондорго колдон келген жардамын берсе жашоо жеңилдейт эле.

Маектешкен

Назира Ахмедова

“Жаңы Ордо” гезити, №10 (662),  19-июнь, 2020-жыл