Текебаев: Кээ бир биздин оппоненттердин “Ата Мекен” жаштарды пайдаланып жатат” деген жомогу суу кечпейт!

1533

– Өмүрбек Чиркешович, партиялардын тандем куруп, шайлоого аттануусу мурда да болуп келген. Бирок, көп узабай ажырашышат. “Ата Мекендин” алдына бир нече саясый партияларды, лидерлерди бириктирип шайлоого катышып, утуп келүү үчүн гана аракетпи, же башка максаттар да барбы? 

— Коронавирус пандемиясы дүйнөнү өзгөрттү. Дүйнөлүк экономика кризисте. Дүйнө экономикалык гана эмес, социалдык-саясый кризиске да кириптер болуп отурат. Бул кризистен чыгуу узакка созулуп, татаал болуп, көп ресурсту талап кылат. Ресурс – бул табигый финансылык гана ресурстарды эмес, адамдык ресурстарды да талап кылат. Мен адамдык ресурс дегенде саясый-моралдык ресурстар жөнүндө да айтып жатам. Кыргызстан да эртеби-кечпи бул кризистен чыгат. Бирок, биз тез чыгышыбыз шарт. Бул кырдаалдан өзүбүзгө максимум пайда алып чыккандай болушубуз керек. Дүйнө эле эмес, Кыргызстан да өзгөрүшү абзел. А андай өзгөрүүлөрдү адамдар жана саясый лидерлер жасайт. Мен адам ресурсу дегенде биринчи кезекте биздин лидерлерибиздин интеллектуалдык, моралдык сапаттарын, алардын саясый эрки жөнүндө айтып жатам. Бул кризистен чыгуу үчүн биз майдабарат, маанилүү эмес маселелердин айланасында талашып, ыркыбызды бузууну токтотушубуз керек. “Өлкөгө бүгүн эмне керек?” деп негизги приоритетти аныктап, ошонун айланасында жеке кызыкчылык, жеке амбициядан бийик туруп, биригишибиз зарыл. Мына ушундай учур убакыттын талабы, замандын талабы. Бул жагдайдан караганда «Ата Мекен» партиясынын айланасына бир топ таасирдүү, күчтүү саясый күчтөрдүн биригишин мезгилдин талабы катары бааласа болот. “Ата Мекен” социалисттик партиясына бириккен күчтөр бири-бирине жат күчтөр эмес. Алардын жалпы тарыхы, жалпы идеологиялык теги бир. 

– Эмне үчүн Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Темир Сариев жана башка жаш саясый күчтөр “Ата Мекенге” биригишти? Башка саясый күчтөр менен ушундай биригүү болушу мүмкүн беле?

— Биригүү үчүн биринчи кезекте биздин көз карашыбыз, бүгүнкү кырдаалга берген баабыз, идеологиябыз окшош болуш керек. Майдабарат маселелер боюнча пикир келишпестиктерди четке кагышыбыз зарыл. Анан да бул биригүү социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгын, элдин пикирин эске алып түзүлдү. Бүгүнкү парламент элдин сынына кабылып, жаңы кыргыз тарыхындагы эң деңгээли төмөн парламент катары айтылып жүрөт. Бирок, коомдук пикир боюнча, бул парламенттин ичинен да ишенимге ээ болгон депутаттар бар. Иликтөөлөрдө Жанар Акаевдин, Рыскелди Момбековдун, Наталья Никитенконун рейтингдери жогору болуп, элдин ишенимине ээ болгон депутаттар. Алар рейтинги боюнча гана алдыда эмес, өздөрүнүн көз караштары, позициялары боюнча да жалпылыктары бар. Ошондуктан, бул биригүүнү мен “табигый биригүү” деп эсептейм. 

Баарыбызга белгилүү, Кыргызстанда ар кандай саясый бирикмелер түндүк-түштүк деген балансты сактоого аракет кылышат. Биздин партияда да ушундай шарт – “тандемдик башкаруу” деген жазылбаган шарт бар. Ошондуктан, бирикмеде баардык региондордун өкүлдөрүн, баардык жаш курактардын, улуттардын өкүлдөрүн пропорционалдуу камтыганга аракет кылганбыз. Партиялык тизменин 70 пайызы жаңы жана жаш адамдардан турат. 

– Мындан башка да саясый блоктор болушу мүмкүнбү? Аларга сиз кандай баа бересиз? 

— Биздин шайлоо мыйзамдары партиялардын ортосундагы шайлоо блокторун түзүүгө тыюу салган. Бирок, ошого карабастан саясый блоктор мыйзамды айланып өтүп түзүлүп келе жатат. Азыр менин оюмча, партияларга шайлоо алдында блок түзүүнү мыйзамдаштырып беришибиз керек. Шайлоо алдындагы блок дүйнөлүк практикада табигый иш. Тарыхый кырдаалга жараша өз программалары, позициялары, максаттары жакын болгон саясый күчтөр өз ресурстарын, өз мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип келишет. Кыргызстанда да мындай кубулуш бар. Мен ойлойм, “Ата Мекен» партиясына бир нече саясый күчтөр бириккендей эле, башка саясый партиялар да өз көз караштары, пикирлери жакын болгон саясатчыларды, башка партияларды бириктиришет. Мен жогоруда айткандай, партиялардын ирилеши, алардын биригиши – бүгүнкү мезгилдин талабы. 

– “Шайлоо кампаниясынын лидери Жанар Акаев болот, партиялык тизмеде ал биринчи болуп турат” деп жарыяладыңыз. Бирок, кээ бирлер “Текебаев шайлоо бүткөндөн кийин аларды, жаштарды арткы планга жылдырып коюшу мүмкүн» деген божомолдорду айтып жатышат. Бул боюнча эмне дейсиз? 

— Лидер жасалма жол менен пайда болбойт. Аны дайындоо мүмкүн эмес. Лидер күрөштө, болот кантип курчуса, так ошентип курчуп пайда болот. Жанар Акаев партиянын тизмесинде биринчи болуп жөн эле формалдуу турбастан, ал толук кандуу шайлоо лидери болот. Ал партиянын шайлоо кампаниясын уюштуруп, жеңишке жетүүгө милдеттүү. Эгер “Ата Мекен” шайлоодон утса, Жанар Акаев өзүнүн лидерлик жөндөмүн элге далилдеп көргөзгөн болот. Анда лидер партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын лидери болуп калат. Эгерде партия коалицияга кире турган болсо, фракциянын атынан ЖК төрагалыгына, же өкмөт жетекчилигине барганга укук алат. Ошондуктан, кээ бир биздин оппоненттердин “Ата Мекен” жаштарды пайдаланып жатат” деген жомогу суу кечпейт. Партия ушинтип табигый жол менен жаңыланат. Бул биринчиси. 

Ал эми экинчиси, биз так билишибиз керек, дүйнөдө “жаштардын партиясы”, “аксакалдардын партиясы”, же “көксакалдардын партиясы” деген партиялар жок. Болушу да мүмкүн эмес. Партия идеологиясына жараша түзүлөт. Бүгүн алар оңчул, солчул, ортомчул деп аталган негизги үч топко бөлүнөт. Бүгүнкү партиянын жаш лидерлери чыныгы лидерлик сапаттарга, чоң тажрыйбага ээ болгончо бат эле убакыт өтүп, 50-60ка чыгып калат. Андан кийин, албетте, саясатта, партияда муун алмашуу табигый жол менен болуп турат. 

— Сиз 2015-жылы Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарындагы партиялык жыйында сөз сүйлөп жатып, “2020-жылкы Жогорку Кеңештин шайлоолоруна партия жаңы, жаш лидер менен барат” деп айткан экенсиз. Сиз бүгүнкү кырдаал болорун ошондо билдиңиз беле?

— “Ата Мекен” партиясы жаралгандан бери оппозицияда жүргөн партия. Болгону ортодо үч жыл бийликтин кичи партнеру болуп, башкаруу коалициясында болгонбуз. Акыркы төрт жылда да биз оппозицияда жүрөбүз. Мен 2015-жылы “2020-жылкы парламенттик шайлоого жаңы лидер барыш керек” деп интуиция менен сезип айткам. Бүгүнкү коомдук пикир, бүгүнкү шарт так ошондой өзгөрүүлөрдү каалап турат. Жаңы лидер ким болорун 2015-жылы, албетте, мен билген эмесмин. Ким болорун тарыхый кырдаал, убакыт аныктады. Жаңы лидер Жанар Акаев эмес, башка жаш жигиттер, же кыздар болуп калышы деле мүмкүн эле. Бирок, бүгүнкү кырдаал, бүгүнкү убакыт Жанар Акаевди “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидерлигине алып чыкты.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия Ньюс» гезити