Ырчы Анжелика: “Кимиңер эмне дебегиле, эми мага баары бир, алгачкы сүйүүмдү элге ачыктайм”

2082

Ырчы Анжелика Инстаграм баракчасына “биринчи сүйүүсү” тууралуу жаңы пост жазган. Ал посттун акыркы саптары Инстаграм катталуучуларын таң калтырды.

“Кимиңер эмне дебегиле, эми мага баары бир, алгачкы сүйүүмдү ачыктайм. Мен сени менен таанышканыма көп жыл болду. Так санын билбейм, бирок эс тарткандан бери тааныйм. Ошол күндөн бүгүнкүгө чейин жүрөгүмдүн төрүндө жашап келесиң. Балалыгым, студенттик күндөрүм, турмушумдагы кооз күндөрдүн ар бири сени менен коштолду, аны жакшы билесиң. Азыр отуруп ойлондум, сенсиз жашай албачудаймын. Сезимдерим менен бөлүшөйүн деп чечтим. Ар ким жашоосун өзү каалагандай жашап өтүүгө укуктуу. Эсимде, биринчи жолугушубузда апкаарып, кубанып, жан дүйнөм жыргап, дүйнөдө менден өткөн бактылуу адам жоктой туюлган. Бир көрүп сүйүп калгам. Алгач экөөбүз кокустан соода борбордон таанышып калганбыз. Мен сени дароо байкагам. Эх ошол аруу күндөр, ошол сезимдер. Канча убакыт өтсө да бүгүнкү күнгө чейин өчпөй жашап келет. Билесиңби сени көпкө көрбөй калсам куса болуп, жашоомдун маңызы жоголгондой көңүлүм муңая түшөт.

Күз мезгилинин октябрь айы эле. Мен ал күндү такыр унутпайм. Эстен чыгарууга мүмкүн эмес. Эч кимди өзүңө теңебес кандай күчүң бар эле? Айтчы? Мен билем сен табиятыңдан жөнөкөйлүгүң менен бийик турасың. Мен сени түбөлүккө жакшы көрө берем”, – деп колундагы билеригине сүйүүсүн арнаган ырчы Анжелика.

Ал эми анын катталуучулары бул посттун акырына келгенде гана эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнүштү.