Премьер-министр Абылгазиевдин диплому жасалмабы?

221

Айбек Хакимов аттуу жаран өзүнүн фейсбук баракчасына премьер-министр Абылгазиевдин диплому жасалма экени туурасында шектенип жатканын жазды.

Бул туурасында ал: «Кызыкчылык үчүн премьер-министрдин биографиясын окуп, абдан кызыктуу фактыны таптым. Биографиясында көрсөтүлгөндөй Абылгазиев 1997-жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин Экономика жана бизнес факультетин бүтүрүптүр.
1997-жылы болсо 1993-жылы ачылган окуу жайдын биринчи бүтүрүүчүлөрү бүткөн. Мен ошол аталган окуу жайдын Экономика жана бизнес факультетине кабыл алынган алгачкы 60 студенттин арасында болчумун. Староста катары баарын аты-фамилиясынан бери билем. Абылгазиев студенттердин арасында болгон эмес. Мен бир нече курсташтарымдан тактап чыктым, алар дагы Абылгазиевди билишпейт экен. Ал кезде окуу жайдын сырттан окуу бөлүмү да болгон эмес.

Кызык, Абылгазиев КЭУ (МУК) дипломун кантип алган? Бирок, таӊ калыштын кереги жок, биздин өлкөдө баарысы мүмкүн», – деп жазды…

Айбек Хакимов АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери катары таанымал…