Атактуу хирург Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди

175

Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев узакка созулган карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Китептин расмий сайтында айтылат.

“Хирургдун эң узакка созулган карьерасы 67 жыл 181 күндү түзөт. Бул көрсөткүч бишкектик Мамакеев Мамбет Мамакеевичке таандык (Кыргызстан). Маалымат 2020-жылдын 29-февралында тастыкталды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Сайтта Мамакеев медицинадагы жетишкендиги үчүн Кыргызстандын ардактуу атуулу экени да белгиленет.