Алмазбек Атамбаев абактан кат жазды

344

КСДПнын экс-төрагасы Алмаз Атамбаев УКМКнын абагынан КСДПнын жаңы төрагасы Анвар Артыковду колдоп кат жазды. Ал катта Атамбаев өзүнүн тарапкерлеринин баарын бир муштумдай түйүлүп, Артыковдун айланасына биригүүгө чакырат:

“Урматтуу Анвар Артыкович!

Сизди КСДПнын төрагасы болуп шайланышыңыз менен куттуктайм!

Сиз чынчыл жана абийирдүү, Кыргызстандын чыныгы жаранысыз, биздин өлкөнүн келечегине күйгөн адамсыз.

Ошондой эле партиянын жетекчилигин сиздей принципиалдуу жана майтарылгыс адамдар менен толуктоо керек деп эсептейм. Күжүрмөн жана чечкиндүү кадрлар керек. Биздин арабызды бөлүп-жаргандардан арылышыбыз зарыл.

Менин баардык тарапкерлеримди Анвар Артыковду колдоого чакырам! Бардык уруш-керишти, ушак-айыңды унутуп, ушул кишинин айланасына биригүү керек. Парламенттик шайлоолорго даярданууга убакыт келди.

Баарыңарга чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайм! Силерди бекем кучактап, силердин А. Атамбаев.

УКМКнын абагы, 27-май 2020-жыл”