Кыргызстанда дагы 74 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 1594

310

Кыргызстанда 28-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 74 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 592 адамга жетти.