Өзүн “кыргыз Робин Гуду” атап алган Сыймык Жапыкеев деген ким?

381

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Сыймык Жапыкеевдин ысымы активдүү жайылып кетти. “Чоң казат” кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев “Кыргызстанда 30 атактуу ууру бар” деген билдирүүсү менен өзүнө кызыгуу жаратып, кыргыз “Робин гуду” уурдалганды тоноо принциби боюнча иш алып барууга даяр экенин айтууда. Бирок, “ал чынында эле ак ниети менен коомдун кызыкчылыгын ойлоп жатабы же жокпу?”- деген суроого жооп табыш үчүн, анын үй-бүлөсүнө, түпкү тегине саресеп салып көрөлү.

Башкы прокуратуранын мурдагы тергөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясынын вице-президенти, коомдук активист, 1977-жылы туулган, Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин медициналык документтери кызыгууну туудурат. Анын шизофрениянын баштапкы түрүнөн жабыркап, диабет менен ооруп жаткандыгы белгилүү. Ошондой эле баңгизатка көз каранды экендиги маалым. Марихуана колдонуу ал үчүн күнүмдүк көнүмүш адатка айланган. Үйбүлөсүнө көңүл бура турган болсок, чоң атасы Акжолтоев Жапыке Совет мезгилинде мамлекеттик мүлктү коротууга айыпталган. Ал кезде ал Тоң районунун сатып алуу бюросунун директору болуп турган. Атасынын бир тууганы Акжолтоев Бактыгул Жапыкеевич “Салтанат Палэс”, “Олимп” ресторандарынын, юридикалык жактардын “Бизнес ассоциация” бирикмесинин, “Forte Grand” товар жана кызмат көрсөтүү уюмунун, “Сыймак” жеке компаниясынын ээси. Байкеси оор мүнөзгө ээ. Ал 2005-жылдын апрелинде саунада И.А.Демидов деген адамды өлтүргөн. Адам өлтүрүү кылмыш жоопкерчилигинен ден-соолугун тастыктаган документ жасап качууга жетишкен. Кийинчерээк анын мажбурлап дарылоодон өткөндүгү тууралуу документтери жасалма экендиги белгилүү болду. Б.Акжолтоев 1987- жылдын февраль айында РЦПЗнын стационарында “сейрек конвульсивдүү эпилепсия, дисфория жана деменция, акылынан айныган” диагнозу менен ооруканада дарыланган. Б. Акжолтоев аны бошотууга 100 миң АКШ долларын сарптаган. Бул акчаны С.Жапыкеев өзү тараткан. Анда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары К. Жумагазиевге (азыркы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы), тергөөчүгө, РЦПЗнын эксперттерине (акыл-эси жайында эместиги тууралуу соттук-психиатриялык экспертизанын жасалма күбөлүгү үчүн) ар бирине 10 миң АКШ долларын беришкен. Бул акчаны “Дармек” ЖЧКсынын ээси Акжолтоев Нурбек бөлүп берген. 2018-жылы Б. Акжолтоев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү У. Токтосуновдун (Сакал) коркутууларына байланыштуу УКМКнын Тергөө бөлүмүнө кайрылган. Машиненин маңдайкы айнегине уурулардын жалпы фондуна ай сайын салык төлөп турууну талап кылып, коркутуп үркүткөн билдирүү калтырылган. Кийинчерээк, өтмө арыздын негизинде иш токтотулган.

Б.Акжолтоевдин кызы, мурдагы прокурор, жеке ишкер Жапыкеева Жанара Бактыгуловна, У.Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Көк-Жар айылдык өкмөтүнүн депутаты “Муся” лакап аты менен таанымал Аманкожоев Мурат менен сүйүү мамиледе болгону кызыктуу. Сыймыктын дагы бир агасы – Акжолтоев Нурбек Жапыкеевич, көбүрөөк мүлккө ээ, ага “Аэрфада-Ай” ЖЧК, “Дармек” ЖЧК, Н. Акжолтоев ЖИ, “Таблет Плюс” ЖЧКсы тийиштүү. Анын 1995-жылкы конфискацияланган алкоголдук ишке катыштыгы бар. Бул ишке ошол учурдагы ири саясий фигура Ф.Ш. Кулов катышкан. Ф.Кулов Чүй облусунун акими болуп турганда, 570,336 литр көлөмүндөгү конфискацияланган спиртти андан ары кайра иштетүү жана 30 % кирешесин Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын эсебине которуп берип сатуу үчүн “Адис” ААКна өткөрүп берген. Бирок “Адис” ААКму “Химсинтез” бейөкмөт уюмунан конфискацияланган спирттен 104 037 литр кем алган. Ээси Н. Акжолтоев болгон бир компания аркылуу 101 миң литр сатышкан. «Адис» ААКнан конфискацияланган спирт «Шолпан», «Абсент» ЖЧК (Казакстан) жана МП “Мургаб” компанияларына (Түркмөнстан) арзан баада сатылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Чүй облусунун администрациясын конфискацияланган спирттин наркын француз компаниясына кайтарып берүү жөнүндө чечим чыгарган. Ушул себептен мамлекетке 1,5 миллион доллар зыян келтирилген. Ф.Кулов соттолуп, Н. Акжолтоев жазадан кутулган. Жапыкеевдин экинчи агасы абдан куу, анткени ал дары дармектерди контрабандалык жол менен ташып кирүү жана сатуу үчүн жоопкерчиликтен качууга жетишкен. Жапыкеев / Акжолтоевдердин үйбүлөсүнүн экинчи жарымы-аялдары да кызыктуу. Атасынын эжелеринин да кирешелүү жана күмөндүү иштери бар. Атасынын эжеси – Акжолтоева Айгүл Жапыкеевнага Жапыкеевдердин ресторан бизнесинин тегерегиндеги жерлер жана унаа токтотуучу жайлар катталган. Азыр ал ажырашкан, никеде турган учурдагы фамилиясы Каниметова. Атасынын дагы бир карындашы – Акжолтоева Гүлбара Жапыкеевна «Тянь-Шан Лада» ААКтын ээси, бизнесмен, банкрот болгон АОЗТ “Меркурий” коммерциялык банкынын мурунку ээси, 1995-жылы өлтүрүлгөн.Юнус Дунларовго турмушка чыккан, Белгилей кетчү нерсе, даңктуу бир туугандардын үй-бүлөсүнүн бизнеси Ю.Дунларовдун жардамы менен түзүлгөн. Бул үй-бүлөнүн баштапкы капиталы алкоголь аткезчилиги аркылуу топтолгон.