Майк Тайсон менен Эвандер Холифилд качан беттешери белгилүү болду

265

Оор салмактагы дүйнөнүн мурунку абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд менен Майк Тайсондун беттеши качан болору белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кайрадан рингге кайтып келген өз мезгилинин атактуу мушкерлеринин беттеши 11-июлда Сауд Арабиясында өтөт.

“Биздин беттешти көпчүлүк көргүсү келип жаткандыгы талашсыз. Биз спорт, бокс сүйүүчүлөрүнө мыкты беттеш көрсөтөбүз”, – деп билдирген Холифилд.

Буга чейин мушкерлер 2 жолу жолуккан. Эки жолу тең Холифилд жеңишке жетишкен.
https://www.super.kg/kabar/news/308611/?fbclid=IwAR1EMTw4SWYiHYlXGIChi1T6AKjgV7Y2MQcdRwyipPVbU58gy48NkQdKjl8