Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Осмоналиев элдин тынчтыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгон инсан”

2617

– Өмүрбек Чиркешович, Бишкек шаардык соту Каныбек Осмоналдиевди абакта калтырып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Соттун чечимине кандай баа бересиз?

– Мен Канынбек Осмоналиевди 1986-жылдан бери тааныйм. Мен ал кезде ОшМУда лабарант болуп иштейт элем. Каныбек Осмоналиев Эстониядан кандидаттыгын коргоп, жаңы келген мугалим экен. Ал кезде Эстонияда саясий өзгөрүү процесстери башталып калган маал эле. Прибалтикадагы улуттук кайра жаралуу, улуттук рух, дух жөнүндө Каныбек акенин айткандарын биз – жаш мугалимдер кызыгуу менен угат элек. Каныбек Осмоналиев ошондо эле биз үчүн авторитет эле. Кийинчерээк Бишкекке келгенде да кол үзбөй байланышып жүрдүк. Каныбек Осмоналиев азыркы жаңы кыргыз билим берүү системасын түзгөн адамдардын бири. Өкмөт мүчөсү болду. Жогорку Кеңештин депутаты болду. Активдуу жарандык позицияга ээ лидерлердин бири. Каныбек акенин ден соолугунда проблема бар экендигин мен 2012-жылдан бери билем. Ошондо ал жүрөгүнө операция жасаткан. Жүрөк проблемаларын көп талкуулап калабыз. Каныбек Осмоналиевдин коомдук статусун, мамлекетке жана коомго сиңирген эмгегин, жаш курагын, ден соолугун, анын коомго коркунучу жок экендигин, кылмыш ишин иликтөөгө тоскоол кылышы мүмкүн эмес экенин эске алып, баш коргоо чарасын абак эмес, сыртка чыкпоо тууралуу тил катын алып, же үй камагы менен чектеш керек эле деп эсептейм. Кимдин канча күнөөсү, жоопкерчилиги бар, адилеттүү жүргөн сот иликтөөсү аныктайт.

“Каныбек Осмоналиевдин мамлекеттик төңкөрүш кылып, бийлик алмаштыруу ниети, аракети, иш-планы болгон» дегенге эмнеден улам ишенгиңиз келбейт?

– Бийликке, бийликтин ишине мамилебиз же, берген баабыз – бул биздин жеке пикирибиз. Ал пикир Конституция менен гарантияланган. Каныбек Осмоналиевдин ар дайым өз ою, өз пикири болгон. Аларды тартынбай айткан биздин активдүү лидерлерибиздин бири. Ал эми төңкөрүшкө болгон иш-план, аракет Каныбек Осмоналиевде болушу да мүмкүн эмес. Анткени, ал мыйзамды сыйлаган, элдин ынтымагын, тынчтыгын бардык нерседен, керек болсо жеке кызыкчылыгынан жогору койгон инсан. Мен Каныбек Осмоналиев менен февраль айларында бир нече жолу жолуккам. Ал мага айтты, “Көлдүн аттуу-баштуу аксакалдары, илгери мамлекеттик чоң кызматтарда иштешкен 2-3 жетекчилер, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары келип, “Каныбек, элдин уулу Садыр Жапаров адилетсиз түрмөдө жатат, анын колдоочулары көп, бирок алардын көбүнүн тажрыйбасы жок, же кызуу кандуу жаштар, алар митинг уюштуруп, аягы чыр-чатак менен бүтпөсүн, сенин тайжрыйбаң, авторитетиң бар, “кой-ай” десең, сени угат, өзүң жетектеп бер”, деп суранышты. Ошон үчүн митингде баш-көз болуп берейин деп чечтим”,- деп кантип митингге демилгечи болуп, кантип жоопкерчиликти өзүнө алганын, кандай максаты бар экенин мага айткан. Ошондуктан, мен Каныбек Осмоналиевдин ниети түз экенине ишеним менен айта алам.

Каныбек Осмоналиевдин кандай адам экендигин бир окуяны айтып көргөзгүм келет.  

Атамбаев өзүнүн оппоненттерине жалган жалаа жаап, далилдерди фальсификациялап күнөө такканын баарыбыз билебиз. Мына ошондой жалган жалаага туш болгондордун бири Каныбек Осмоналиев болгон. Анын үстүнөн иш козголуп, иши сотто турган. Ошого карабастан, Атамбаевдин бийлиги күчүндө, каардуу болуп турганда, мен кармалган биринчи күндөн баштап, абактан чыкканга чейин мени ачык, регулярдуу колдоп келди. Мындай кадамга абдан сейрек адамдар жөндөмдүү. Өзүнүн башында иш турса, анын тагдыры бийликтен көз каранды болуп турса, ошого карабай, бийликке каршы сөз айтып, бийликтин жүзүн ачып, анын оппонентин колдоп туруу – бул өзүнчө чоң эрдик. Мындай адамдар аз. Ошондуктан, мен бүгүнкү бийликке кайрылам. Пандемия адамзатты тобоо кылдыртып, ушул кезге чейинки көз караштарын кайра караганга мажбур кылды. Биз көп баалуулуктарыбызга, эрежелерибизге башкача көз караш менен карап жатабыз. Эмне жакшы, эмне жаман, эмне убактылуу, эмне түбөлүк, эмне майда, эмне маанилүү экенин айырмалай билишибиз керек. Мен ойлойм, биз – кыргыздар дагы, кыргыз бийлиги дагы көп нерселерге жаңыча көз караш менен карашыбыз керек. Кыскасы, жаңыча мамилелерди түзүшүбүз керек. Мисалы, Каныбек Осмоналиевге окшогон белгилүү инсандарга карыз эмес, мыйзамдын чегиндеги мамилени жасай албасак, анда дүйнөлүк пандемиядан сабак албаганыбызды, тобоо кылбагандыгыбызды көргөзөт.

Динар Турдугулова

Булак: Чындык