“Жөн эле жакшы көрчү эмесмин”. Түркиялык футболчу 5 жашар уулун өлтүргөнүн моюнуна алды

440

Түркиянын “Бурса Йылдырым Спор” футболдук клубунун курамында ойногон футболчу Жевхер Токташ өзүнүн 5 жаштагы уулун өлтүргөндүгүн моюнуна алды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде футболчунун 5 жашар уулунун дене табы жогору болуп, дем алуусу оор болуп жаткандыгынан улам “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер экөөнү тең коронавируска шектүү деп изоляцияга алышкан. Бир канча сааттан кийин уулу интенсивдүү терапия бөлүмүнөн каза болгон. Окуядан 11 күн өткөн соң Жевхер Токташ жергиликтүү полиция кызматына келип, уулунун өлүмүнө күнөөлүү экендигин айткан. Футболчунун айтымында, 23-апрель күнү уулу бөлмөдө жаткан учурда жаздык менен 15 мүнөт тумчуктурганын, качан гана уулу кыймылдабай калганда гана жаздыкты алган. Андан соң “Тез жардам” кызматын чакырган. Эмне үчүн өз колу менен уулун өлтүрүүгө баргандыгын болгону уулун жакшы көрбөгөндүгү менен түшүндүргөн.

“Мен кичүү уулумду төрөлгөндөн бери эч качан жакшы көргөн эмесмин. Эмне үчүн экенин билбейм. Ошол күнү ал мага жакпай турган, ошондон улам аны тумчуктуруп өлтүрдүм. Мен психикалык жактан оорулуу эмесмин”, – деген футболчу.

Бул кылмышы үчүн ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги жазылат маалыматта.

Булак: super.kg