Өзгөчө абал учурунда кайсы мекеме жана кызматтардын иши токтотулбайт? – тизмеси

250

Республикалык штаб өзгөчө абал учурунда ишмердүүлүгүнө тыюу салынбаган мекеме, кызматтардын тизмесин чыгарды.

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмеси:

  1. Саламаттыкты сактоо системасы:
  • ооруканалар;
  • лаборатордук кызматтар;
  • үйүндө мед. кызматтарды көрсөткөн мекемелер;
  • бардык менчик формадагы мед. мекемелер;
  • ветеринардык тез жардам кызматтары;
  • мед. товарларынын дистрибуциясы.
  1. Шаар инфраструктурасы жана коммуналдык кызматтар:
  • электр энергиялык компаниялар;
  • суу менен камсыз кылуу;
  • электриктер жана сантехниктердин кызматтары;
  • өрт өчүрүү кызматы;
  • көчөлөрдү жана имараттарды тазалоо кызматтары;
  • калдыктарды жана таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу;
  • дезинфекция;
  • телекоммуникациялар (карантин мезгилинде абоненттик бөлүмдөрдүн 50% жабылсын, сайтка иштеген бөлүмдөрдүн тизмеси чыгарылсын, иштөө убактысын 10:00дөн 16:00гө чейин чектелсин, техколдоо кызматкерлеринин жүрүүсүнө уруксат берилет – базалык станцияларга барууну камсыздоо);
  • аэропорттор;
  • темир жол бекеттери;
  • почталык, курьердик жана жүк ташуу кызматтары;
  • соц. камсыздоо.
  1. Кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы:
  • тамак-аш өнөр жайы;
  • айыл чарбасы;
  • биринчи керектүү товарларды өндүрүү;
  • химреагенттер;
  • дары-дармек препараттары;
  • мед. жабдуулар жана аспаптар;
  • үй үчүн кагаз буюмдары;
  • жеӊил өнөр жайы (ден соолук жана гигиена товарлары);
  1. Чекене соода-сатык, тамактануу жана курулуш кызматтары:
  • азык-түлүк дүкөндөрү;
  • дарыканалар;
  • Күйүүчү май куюу жайлары;
  • ресторандар, барлар, кафе, ашканалар – алып кетүүгө гана иштейт;
  1. Башка маанилүү кызматтар:
  • азык-түлүктөр, дары-дармектер жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары – 07:00дөн 20:00гө чейин иштөөгө уруксат берилет;
  • азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана мед. каражаттарды дистрибуция кампалары;
  • банк кызматтары (иштөө убактысы 9:00дөн 18:00гө чейин чектелди, шаар ичинде инкассаторлорго, байланыш-борборлорунун кызматкерлерине, техколдоо, кассир, телеком.жабдуулары жүктөлгөн унааларга жүрүүгө уруксат берилет);
  • мейманканалар, хостелдер (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);

*Эскертүү: меймаканалардын, хостелдердин ичиндеги ишканалар өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотушу керек.

  • жатаканалар (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);
  • карылар үйлөрү;
  • балдар үйлөрү;
  • үйү жоктор үчүн баш калкалоо жайлары;
  • жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары;
  • ритуалдык жана мүрзө кызматтар агенттиги.

Эскертүү: унаа каражаттары жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек; буга чейин шаарга кирип-чыгууга уруксат кагаздары берилген кызматтардын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтүшү керек.