Эл өкүлү эл менен: Конушбаев Суусамыр өрөөнүндөгү муктаждарды азык- түлүк менен камсыздады (фото)

245

Бүткүл дүйнө боюнча болуп жаткан коронавируска карата карантин болушу ар бир үй- бүлөгө оорчулук абалды алып келүүдө. Жумуштар токтоп, пландаштырылган иш-чаралар өтүлбөй калышы, базарлардын жабылышы, жана соода-сатыкка чектөөлөрдүн киргизилиши ар бир үй- бүлөнүн бюджетине терс таасирин тийгизип жатат. Мындай оорчулукту Суусамыр айылынын жашоочулары да сезе баштады. Азык- түлүктөрдүн баасы жогорулап, айылдык дүкөндөрдө ун, суу май, кумшекер сыяктуу азыктар текчелерде азайгандан азаюуда. Мына ушундай оор абалда эл арасынан чыккан демөөрчүлөр кайрымдуулук кылып, жаштар ыктыярдуулук менен жолго постторду коюп, кезек менен айылга кирген-чыккандарды дыкат иликтеп, өз элине жардамын аябаган да учурлар аз эмес.

Суусамыр элине көп жылдан бери демөөрчүлүк кылып, билим берүү жаатында көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев эң керектүү болуп жаткан ун жана өсүмдүк майын Суусамыр өрөөнүндөгү элге таратып, көмөк көрсөтүүдө.

Элге берилген азыктарды адилеттүү таратып берүүнү айыл өкмөт башчысы Урмат Отунчиев жоопкерчиликтүү болуп, жалпы айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттары биргеликте азыктарды ала турган үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактап, таратып берүү ишине толук катышты.

“Суусамыр өрөөнүнө Тынчтыкбек Конушбаев агабыз 10 тонна ун жана 400 литр суу май жөнөттү. Биз аны 200 аз камсыз жана муктаж үй-бүлөлөргө тараттык. Алардын баарынын үйлөрүнө айылдардан унааларды чакыртып, ошолор менен таратып берип жатабыз. Тынчтык агабызга терең ыраазычылык билдиребиз, өзү чалып, эмне маселе болуп жатат деп сурап, абалды билип анан ун, суу майды салып жиберди”,- дейт айыл өкмөт башчысы Урмат Отунчиев.

Суусамыр айыл аймагындагы бардык айыл башчылар жана айылдык депутаттар келип, өз айылына бөлүнгөн азык-түлүктөрдү көзөмөлдөп, алып кетишти. Алардын бири, Кайсар айыл аймагынын башчысы Мырзакмат Кожоналиев Кайсар элинин атынан ыраазычылык билдирди:

“Кайсар айылында 11 муктаж үй-бүлө бар, ошолорго ун жана суу май таратылат. Депутаттардан, социалдык адис жана айыл башчылардан түзүлгөн комиссия адилеттүү бөлүштүрүп, тизме түзүлдү. Бул да болсо элге оор күндөрдө чоң жардам болуп саналат. Тынчтык Конушбаевге эл ушунчалык ыраазы, ишинде ийгилик болсун, көп жашасын деп айылдык аксакалдар да ыраазычылыгын айтып жатышат. ”

Ар бир айылдын унааларына ундар жүктөлүп, таратуу учурунда айыл тургундары таң калуу менен карап жатышты. Кээ бир үй-бүлөлөр үчүн күтүүсүз жакшы маанай тартууланды. Айыл тургуну Бактыгүлгө да күтүүсүз жерден унду алып келип үйүнө беришти.

“Тынчтык агайга чоң рахмат, ден-соолукта болсун.”
“Менин балам да жок, чалым 5 кой менен тоодо. Эркек балам да жок. Бул жардамды күткөн эмесмин. Эми Тынчтык өзүбүздүн балабыз, дайыма эле тоодой жардам берип жатат. Мектепке канча жардам берип жүрөт. Мындай убакта 1 сом болсо да жардам берип койсо жагымдуу болот да. Ден-соолук, аманчылык каалайм”,- дейт айыл тургуну Кулуйпа апа.

Суусамыр айыл өкмөтүнүн кызматкерлери азык-түлүктөрдү үйлөргө чейин жеткирип берип, элге кызмат кылышууда.

Даярдаган: Элизат Санжырбек кызы