Кыргызстанда коронавируска кабылган жаңы учур катталган жок

26

31-март, саат 8:00гө карата Кыргызстанда коронавируска кабылган жаңы учур катталган жок. Коронавирустун алдын алуу штабынын маалыматына караганда, жугуштуу илдетти жуктуруп алгандардын саны кечээ он кишиге көбөйүп, 94 адамга жеткен. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 50, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош шаарында – 8, Бишкек шаарында – 7 жана Нарын облусунда бир киши бар. Үч киши айыгып чыкканы кабарланды.

Алардын эң кичүүлөрү – бирге толо элек эки ымыркай, дагы жети бала 15ке чыга элек. 16дан 19 жашка чейинки бейтаптар – төртөө, 20-35 жаштагылары – 29, 35-55 жаштагылар – 23. Ал эми 55 жаштан жогору курактагылар – 29.