Жоопкерчилик баарыбызга бирдей – журналисттер бири-бирине атаандашпай оокатын кылышса!

34

Кытай, Сингапур, Жапония, Түштүк Корея так ушул үй карантини менен коронавирусту жеңип чыгышты деп ЖМКлардын анализдеринен белгилүү болуп жатат. Фейсбукта коронавирустун айынан Германия, Чечня шаарларындагы кулак-мурун кескендей жымжырттык, көчөлөрүндөгү бир жан жок көрүнүш интернетти аралады.
Эми «үйдө отуралы» деп жалпы дүйнө, бүт Кыргызстан жар салып, ынтымак менен талапты аткарып, коронавирустан чыгым болбой чыгып кетели деп жатса, айрым журналисттер «пропуск бергиле» деп, баягы эле «укук бузулуп жатат» деген шылтоо менен кыйкырып чыгышты.


Булар коомду алдыга жетелөөчү звено болуш керек эле чынында. «Кокуй бул тез-тез жуккан, бачым тараган вирус экен» деп элди коопсуздукка чакыруунун ордуна, өздөрү айткандай «сочный кадр» издеп, репортаж жасаганы шаар аралап чапкылагысы бар. Уят деген болуш керек, уят.


НПО дегендер болсо түшүнүктүү, аларды элдин баары эле билип калбадыбы. «Адам укугу» деп болбогон бир долбоор чүргөй калып, грант алышкан экен деп түшүнсө болот. Ал эми коомду алдыга сүйрөгөн топтун өкүлдөрү ушуну кылып жатса…
Эмне эле чоңдор жоопкерчилик деп жатат десе, ушундайларды айтат тура. Уяты болбосо койсун, коопсуздук деген жоопкерчиликти сезиш керек да! Инфекция жугузуп алып, же дагы бир балакет кылып алып, «Ээликкен таз, демиңди бас» болуп, түштөн кийин «эми эмне кылайын, ушундай болуп калды» деп алакан жайганынын кереги жок алардын. Жоопкерчилик баарына бирдей коюлуп жатабы аткарсын алар дагы!


Анан дагы ЭЛТР менен КТР ж.бга атаандашканын айт. Алар деген стратегиялык маанидеги телеканалдар да, спецификасы башка – бардык республиканы эфир менен камсыздайт. Тиги ызылдагандар болсо интернет-сайттар болуп жатпайбы, интернет менен суроосун берип, интернет менен жооп ала беришсин каалашынча. Тескерисинче, үйдө отурганы өздөрү менен кошо үй-бүлөлөрүнө жана коомчулукка коопсуз болуп, пайдалуу болбойбу.
Мындайда КТР менен ЭЛТР коомдук каналдары жетет. Жер-жерлерде филиалдары бар. Алар болбосо, Өкмөттүн иши токтоп калбайбы? Ушундай кооптуу учурда ушинтип дагы атаандашабы, уят деген болуш керек, уят! Жоопкерчилик керек баарыбызга. Мыйзамды сактап жашаганды үйрөнөлү да, акыры! Жугуштуу вирус, эпидемия деген оюнчук эмес, баарыбыз билишибиз керек!