Европада аба тазарып жатат

40

Коронавируска байланыштуу карантин киргизилген Европанын бир катар шаарларында аба тазарып жатканын спутниктен тартылган жаңы сүрөттөр күбөлөдү.

Европадагы коомдук саламаттык альянсы бул сүрөттөрдү анализдеп, дүйшөмбү күнү жыйынтыгын жарыялады. Илимпоздор 5-марттан 25-мартка чейинки 20 күн ичинде тартылган сүрөттөрдү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырышкан.

Анын натыйжасында ылайык, Брюссел, Париж, Мадрид, Милан жана Франкфурт шаарларында азот диоксидинин абадагы көлөмү кыйла азая түшкөн. Абаны булгаган бул майда бөлүкчөлөр көбүнчө автоунаалардан жана жылуулук борборлорунан чыгат.

Европанын айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматы боюнча, испан өкмөтү 14-мартта өтө зарыл эмес транпорт каттамдарына тыюу салгандан тарта Мадридде ар жума сайын азот диоксидинин көлөмү орточо 56 пайызга азайып турган.

Февраль айында Кытай коронавируска байланыштуу катаал карантин жарыяланган кийин да өлкөнүн бир катар аймактарында аба тазарганы белгилүү болгон.