АКШда коронавирустан өлгөндөрдүн саны үч миңден ашты

117

Жонс Хопкинс атындагы университеттин маалыматына караганда, Кошмо Штаттарда 163 429 киши ооруга чалдыккан. 3008 адам жугуштуу оорудан көз жумду. 5764 киши айыгып чыкты.

Мындай көрсөткүчтөрү менен ушул тапта АКШ коронавируска кабылгандардын саны жагынан дүйнөдө биринчи орунда. Президент Дональд Трамп оору дагы эки жумада көбөйүшү ыктымалдыгын жекшембиде басма сөз жыйынында айткан.

Өткөн жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус илдети дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүнө тарап, пандемиялык кырдаал жаралган.

Акыркы маалыматтар боюнча, ооруга 720 миңден ашуун адам чалдыкты, 35 миңден ашуун киши вирустан көз жумду.

Кытайдын өзүндө ооруга 81 518 адам чалдыгып, 76 миңден ашууну айыгып чыккан, 3 305 адам өлгөн. Акыркы суткада өлкөдө 48 адамдан коронавирус аныкталды. Бардыгы чет мамлекеттен келгендер.