COVID-19: Матраимов фонду коронавирустун кесепетин жоюга 10 000 экспесс-тест алып келди

32

Коронавирустун кесепетин жоюга медициналык жабдык жардамдары келип түштү. Аталган жабдыктар Райымбек Матраимовдун демилгеси менен алынып, учурда Ош шаарындагы профилактикалык жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Искендер Матраимов өзүнүн социалдык байланыш тармагындагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты: “Кечээ, 29-мартта COVID-19 илдетин аныктоочу 10 000 экспресс-тест фондго келип түштү. Алар гуманитардык линия аркылуу Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына берилди. Жакынкы арада дагы 10 000 тест келиши күтүлүүдө. Жагымдуу жаӊылык, иним Райымбек Матраимов дагы 10 стационардык жасалма дем алдыруучу жабдыктарды алып келүүгө буюрма берди. Алар өлкөдөгү ооруканалардын жандандыруучу бөлүмдөрүнө берилет. Фонддун волонтерлору аппараттарды сатып алууга 2 жума убакыт коротушту. Алдыда комплектация, инструктаж жана эксплуатация сыяктуу оӊой эмес жумуштар күтүп турат. Жакынкы күндөрү бардык аппараттарды жеткирип орнотуп беребиз деген үмүттөбүз”-дейт эл өкүлү. Депутат, Матраимов алынган бардык жабдуулар Саламаттыкты сактоо министрлигине бекер өткөрүлүп бериле тургандыгын кошумчалаган. Эскерте кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү өлкөдөгү жакыр жашаган үй-бүлөлөргө, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бет каптарды жана азык-түлүк түрүндөгү жардамдарын таратып жатышат.