Эксперт: АКШда коронавирустан 200 миңге чейин адам өлүшү мүмкүн

159

Кошмо Штаттарда жаңы коронавирустан каза тапкандардын саны 200 миңге жетиши ыктымал. Жугуштуу оорулар боюнча улуттук институттун директору Энтони Фаучи 29-мартта CNN телеканалы тартуулаган интервьюда ушундай божомолун айтты.

Адис АКШда вирусту миллиондогон киши жугузуп алып, 100 миңден 200 миңге чейин адам көз жумушу мүмкүн экенин эскертти. Ошол эле учурда Фаучи абал тез өзгөрүп жаткандыктан бул божомолдор туура эмес болуп чыгышы мүмкүн экенин да белгиледи. Жекшембиге карай АКШда COVID-19га 125 миңден көп киши чалдыкканы, 2 201 киши көз жумганы расмий маалымдалды.

Ал эми дүйнө жүзүндө вирусту жугузгандардын саны 690 миңден ашты, 33 миңдей бейтап дүйнө менен кош айтышты.