Чүйдө коронавирус аныкталган ата-бала Дубайдан келишкен

252

Чүй облусунда коронавирус аныкталган эки адам Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургундары. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, оору аныкталган ата-бала 12-мартта Дубайдан учуп келишкен. Алар үй карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон.

28-мартта текшерүү учурунда бул адамдар коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Учурда алар ооруканага жаткырылып, үй-бүлө мүчөлөрү жана айылда байланышта болгондор карантинге алынды.

30-мартка карата Кыргызстанда 84 адам СOVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен үч адам оор абалда реанимацияда жатат.

Өлкөдө коронавирусту жайылтпоо максатында Бишкек баш болгон үч шаарда жана төрт райондо өзгөчө абал режими киргизилген.