Ооганстанда «Талибандын» чабуулдарынан 28 адам мерт болду

189

Ооганстанда бийлик өкүлдөрү «Талибан» кыймылынын 29-марттагы бир катар чабуулдарынан коопсуздук күчтөрүнүн бери дегенде 28 кызматкери мерт болгонун билдирди. Ага ылайык, жекшембиде талибдер өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Тахар провинциясында полиция кызматкерлерине кол салган. Анда 13 полиция кызматкери өлтүрүлүп, жогорку даражалуу бир кызматкер жарадар болду. Ошол эле күнү түштүктөгү Забул провинциясындагы өткөрмө-көзөмөл бекетке коюлган чабуулда кеминде 11 жоокер набыт болду. Ооган бийлиги Гилменд жана Баглан провинцияларындагы өткөрмө бекеттерине кол салуу болгонун, анда төрт адам өмүрүнөн айрылганын кабарлады.

«Талибан» бул кол чабуулдарга байланыштуу үн ката элек.

Ал арада Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши 31-мартта Кабул буга чейин убада кылгандай 100 жоочуну бошотпой турганын билдирди.

Мунун алдында ооган өкмөтү бийликтин сүйлөшүү тобуна байланыштуу «Талибан» кыймылынын дооматына жооп кайтарган. Жекшембиде президент Ашраф Ганинин башкы кеңешчиси Вахид Омар журналисттерге «талибдер көптөн бери башталбай жаткан сүйлөшүүнү дагы созуу максатында кандайдыр бир шылтоо издебеши керек» деп айткан. Ал «бул топто тиешелүү тараптардын баары камтылбай калды» деген дооматты четке каккан.

«Талибан» 28-мартта өкмөттүк делегациянын курамын сынга алган жана аны менен кездешүүдөн баш тарткан. Андан эки күн мурда ооган өкмөтү дээрлик 19 жылдан бери уланып келаткан жарандык согушту токтотуу максатында талибдер менен сүйлөшүүгө бара турган 21 кишинин аты-жөнүн жарыялаган. Делегациянын жетекчиси болуп Улуттук коопсуздук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Мохаммад Масум Станекзай дайындалган жана топко бир катар саясатчылар, мурдагы аткаминерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү кирген. Делегациянын беш мүчөсү аялдар экени белгилүү болгон.

Ашраф Ганинин башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулла бул делегациянын курамы боюнча азырынча үн ката элек.

Оогандардын алгачкы өз ара ички диалогу 10-мартта өтмөк. Бирок ал президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу президент Ашраф Гани менен аткаруу бийлигинин мурдагы жетекчиси Абдулла Абдулланын саясий тирешинен улам үзгүлтүккө учураган.

Өткөн айдын соңунда АКШ менен «Талибан» тынчтык келишимине кол коюшкан. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак. Кабул менен «Талибан» туткун алмашуу маселесинде да орток пикир таба элек.