Кыргызстан Беларустан 25 миң тест алып келмей болду

116

Кыргызстан Беларустан коронавирусту аныктай турган 25 миң тест алдырганы жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Кытайдан 112 500 долларга (ташып келүү баасын кошпогондо) 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилгени кабарланган. Андан мурдараак 5 миң экспресс-тест сатылып алынып, анын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.

29-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын саны 84 болгон.

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек.