Казакстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 9 учур катталды

102

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 9 учур катталды, – деп coronavirus2020.kz`га шилтеме берүү менен Tengrinews.kz маалымдайт.

“Коронавирус жуктуруп алган дагы 9 учур катталды. Анын ичинен 3 учур Кызылордо облусунда, 3 учур Алматыда жана дагы үч учур Акмолинск облусунда катталган”, – деп айтылат маалыматта.

Ошентип Казакстанда жалпы COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 293 адамга жетти.