ВИРУС ЖАНА КИТЕП

145

Врачтардын сунушу мындай – үйдө отургула, китеп окулуга. Ооба, ушундай учурда адамзат китеп окуйт, китеп жазат, же, возможно, и то и другое. Бул адат 14 кылымдан башталды – Джованни Бокаччо деген адамдан (Италия, Флоренция шаары). “Декамерон” деген романды жазган.

1348-жылы Флоренцияны чума (кыргызча ушундай эле, которулбайт) басты. 100 миң киши каза болот. Өлүктөр көмүлбөй калган – шаарда киши жок. Ошол учурда чиркөөгө (храм Санта-Марии) 10 жаш адам чогулуп (7 келин, 3 жигит), шаардын четинен карантинди өткөрөлүк деп, бир үйгө бекинишет. Кечинде – ыр, бий, төшөк. Эртең менен – короодогу бак, ар бири ошол жерден аңгеме курат. 10 күн, 10 киши, 10 аңгемеден күнүгө, бардыгы 100 аңгеме – бир роман. “Дека” деген он, “меро” деген бөлүк. Декамерон.

Биринчи күн – биринчи окуя. Бир киши өлтүргүч (аты Шаппелето) тиги дүйнөгө ыйык инсан катары кетет. Исповедь жасайт, анысы – калп. Церковь (католиктер) буга “святой” (ыйык) деген даражаны берет. Сөөгүнө багынуу башталат – паломниктер. Динге сокку болдубу? Болду.

Экинчи окуя. Авраам деген еврей Римге барып, ал жерде (Папанын короосунан) ыпластыкты көрөт, бирок (тем не менее) христиан динине өтөт. Мораль мындай – эгер чиркөөдөгү бузучулук (разврат) орун алганына карабай, христиан дини бекемделсе, анда ыйык мазмун (святой дух) чын эле бар экен. Автордон динге ирония (какшык) болдубу? Болду.

Үчүнчү окуя. Саладдин (арабтардын кол башчысы) акча издеп, Мельхиседек деген еврейге келип, “кимдин дини жакшыраак – иудей, христиан, исламбы” деп сурайт. Еврей түшүндү – кандай десе да, өлтүрүп, акчасын алып кетет. Акылдуу неме атанын тарыхын айтат. Үч баласына үч шакек берет (ар бирине өзүнчө) – “бир эле шакегим бар, ушуну сага кана бердим, мен өлгөндө көрсөтүп, байлыгымды аласын, ага чейин айтпа, катып жүр” деп. Атасы өлгөндө үчөө тен шакектерин бир учурда чыгарышат. Ушул күнгө чейин кимиси мураскер экенин талашып жүрүшөт. Аладдин башын кеспеди, акчасын албады. Талаш-тартыш 21 кылымга чейин токтой элек.

Төртүнчү окуя. Бир монах (молдо) бир келин менен ойнойт (чүкө ойнойт), муну аббат (имам) көрүп, келинди өзүнө тартып алат (тоже “любитель” экен). Беркиси жар салып, чоңдун бетин ачат. Коом абатты жазалайт, чиркөөдөн кууп чыгышат. Монах болсо опять келин менен чүкө ойнойт. Это хорошо или как? Карантинде.

Бешинчи окуя. Француз королдун көзү жесир аялга өтүп, анын артынан түшөт. Улам-улам келе берет, айым ага улам-улам тооктун этин бере берет. Анан аял минтип айтат – менин өлкөмдө короз өлдү, бирок тооктор сиздин өлкөнүздө бирдей эле – айырма жок. “Король жесирди эми түшүндү” дейт аңгеменин автору. Ким билет? Окурман азыркыга чейин түшүнбөй эле олтурат. Карантинде.

Калган күндөрдүн аңгемелерин өзүнөр окугула. Карантин аяктаганча окуп бүтөсүнөр. Китепти болсо (кудай урбадыбы) өзүнөр эле табасыңар. Бул окуяларды “новелла” деп аташат, аңгеменин аягы күтүлбөгөн түрдө кабыл алынса, анда бул прозанын “новелла” (новость) деген жанры. Окурман жанагы жергиликтүү тооктордун окшоштугун король сразу түшүнгөнүн кантип эле күтсүн – алты кылымдан бери күтпөй эле келетат.

Дүйнөлүк жазма адабияттын (ооз эки эмес) көркөм проза (кара соз) деген бөлүгүнүн башатында так ушул автор турат – Джованни Бокаччо. Калган прозаиктердин баарысы мындан кийин чыгышты. Вирус өткөндөн кийин (карантинден кийин) пайда болушкан.

Бул чыгарма ошол эле заматта китеп түрүндө басылбады. Автор кеткенден кийн (62 жашында каза болгон) 70 жылдан кийин басылды (1470-жыл). Гений. Китеп. Дагы бир нерсени айтып кетейин – бул сөздөрдүн, ысымдардын уйкаштыгына байланыштуу кеп. Бокаччону Бокассо менен чаташтырбагыла. Башка неме. Бокассо – киши жегич, каннибал. 20-кылымда 75-жашында өлдү (1996-жылы). Өлкөсүн 21 жыл мүлжүгөн. Центрально-Африканская Республика. Советтер Союзуна келип, Брежнев менен кучакташкан. “Артек” деген пионерлагерге алпарышып, мунун мойнуна балдардын кызыл галстугун тагышкан. Ооба, болгон иш, бирок бул (кинодо айтылгандай) “совсем другая история”. До встречи.

Кубан Мамбеталиев, журналист, публицист.

30-март, Бишкек шаары.

Булак:ЧЫНДЫК