Бүгүнкү күндө 1 миң 459 жаран обсервацияда жатат – биринчи вице-премьер

168

Бүгүнкү күндө 1 миң 459 жаран обсервацияда жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондор обсервацияга киргизилген.

“Обсервацияда жаткандардын ичинен Бишкекте 401, Чүйдө, 115, Ош шаарында 125, Ош облусунда 231, Жалал-Абадда 79, Баткенде 199, Нарында 108, Таласта 146, Ысык-Көлдө 55 адам жатат. Жалпы ооругандар менен 1 миң 954 адам байланышта болгон. Алардын 1 миң 528и жакын байланышта болгон үй-бүлө мүчөлөрү жана кошуналар”, – дейт ал.

Боронов кошмчалагандай, коронавирус аныкталган 94 жарандын 50сү Жалал-Абад облусунда, 24ү Ош облусунда, үчөө Чүй облусунда, бирөө Баткенде, сегизөө Ош шаарында, бирөө Нарында жана жетөө Бишкекте катталган.