«Бакиев үчүн тост көтөрбөгөндөргө өлүм!» деп айкырган Карашев ээрден түшпөйбү?

3355

Күзүндө боло турчу парламенттик шайлоо жакындаган сайын, айлакер Аалы Карашев бийликтин кареги менен тең айланып, бийлик сүрөгөн партияга кирүүгө болгон күч-аркетин жумшап жатканы каңкууланууда. Бул эргул Бакиевдин көздөй кадры болгонуна карабай, Атамбаевдин тушунда кошоматтын коюн союп, анын колтугуна кирип, биринчи вице-премьер, депутат болууга жетише алды. Кийин Атамбаевдин башына кара булут каптаганда андан жүзүн тескери бурду да, азыркы бийликке сүйкөнө баштады. Бакиевдин кандуу режиминин тушунда да жогорку кызматтарда болгон, айтор, ээрден түшпөй келет. Кайран кыргыз эли кечиримдүү экен, бир учурда «Бакиев үчүн тост көтөрбөгөндөргө өлүм!» деп айкырган эргулдун сөзү эчен жолу ЖМКларга чыкса дагы, ошол 7-апрелде кан төгүлүп атканда борбордук штабды башкарып отурса да, саясый жагынан да, башка өңүтүнөн да айыптуу болгонуна карабай, Карашев бийликтин жогорку эшелонунан түшпөй, өзүн жогору көтөрүп, эрдемсип, «элиңди урганым жок» дегендей жүргөнү неси? Баса, 2010-жылы май айында Ошто Үсөн Сыдыков, Сүйүн Өмүрзаков, Айтмамат Кадырбаев баш болгон Бакиевчи реваншисттер обл администрацияны басып алып, ошол кездеги губернатор, азыркы ажо Жээнбековду кабинетинен сүйрөп чыгышканы эсиңердеби? Дал ошол сценарийди Аалы Карашев түзүп бергени айтылып келет. Тар чөйрөдө Аалы Карашев, Сүйүн Өмүрзаков жана Айтмамат Кадырбаев үчөө кыйышпас достор экени боюнча аңыз кептер бар. Ага карабастан бул эргулдардын тайраңдаганы тайраңдаган. Учурда бул үчөө тең бийликтин жогорку бутактарын мыкчып олтурат. Бийлик буларга окшогон кубулмалардан, каратып туруп сатып кеткендерден жана кубатың тайганда далыдан бычак ургандардан абай болгону дурус. Бул күндөр канчага чейин созулат? Аттигиң ай, намысыбыз кайда калган?!

ЧЫНДЫК