Чукул кабар: Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 жаңы учур катталды. Жалпы 84

730

Кыргызстанда 29-март саат 12:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 26 жаңы учур катталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 58ден 84 кишиге чейин өстү.

“Жаңы катталган 26 учурдун ичинен Чүй облусунда – 2 адам, Бишкек шаарында – 4 адам, Нарын шаарында – 1 адам, Ош облусунда – 6 адам, Жалал-Абад шаарында – 13 адам”, – деп билдирди ал.

Коронавирус жугузган 3 адамдын абалы оор, алар учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусунда, экөө Ноокат районунда, бирөө Сузак районунда.

“Алар 24 саат бою көзөмөлдө болууда. Андан тышкары, 4 миң 886 адам обсервацияда жатат. Аларды дагы дарыгерлер күнү-түнү текшерип жатышат. Үй карантининде 3 миң 338 адам бар. Кырдаал толугу менен көзөмөлдө”, – дейт ал.