Талибдер Ооганстандагы Юмган районун ээлеп алышты

125

Талиб согушкерлери 28-мартта Ооганстандын Бадахшан аймагынын райондук борборун өз көзөмөлүнө алышты. Андан мурун «Талибан» кыймылы ооган өкмөтү дайындаган топ менен сүйлөшпөй турганын билдирген. Юмган районунун бийлиги катуу кармаш болгонун айтып, бирок канча киши өлгөнүн маалымдаган жок.

26-мартта ооган өкмөтү дээрлик 19 жылдан бери уланып келаткан жарандык согушту токтотуу максатында талибдер менен сүйлөшүүлөргө катышчу делегациядагы 21 кишинин аты-жөнүн атаган.

Ооганстандын Улутук коопсуздук башкармалыгынын экс-башчысы жетектеген топко саясатчылар, мурдагы аткаминерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү камтылган. Делегациянын беш мүчөсү аялдар.

29-февралда АКШ менен “Талибан” кол койгон тынчтык келишиминин алкагында согушкер топ ооган бийлиги менен түз сүйлөшүүгө көнгөн. Бул үчүн америкалык жана коалицияга кирген башка чет элдик контингент 14 айдын ичинде аскерлерин чыгарып кетет деп макулдашылган. Ал сүйлөшүүлөргө жана кол коюуга ооган өкмөтү катышкан эмес.