Коронавирус аныкталган Нарын шаарынын тургуну Пакистандан дааваттан келген. Ал карантин эрежесин одоно бузганбы?

405

Кыргызстандагы COVID-19 вирусун жуктуруп алган 84 адамдын бирөө Нарын шаарынын тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган тургун 2019-жылдын 15-ноябрында Пакистанга дааватка кетип, ушул жылдын 15-мартында Кыргызстанга Лахол—Ташкент—Бишкек каттамы менен учуп келген.

«Ташкентте Бишкекке кетүүчү учакты 5-6 саат күткөн. “Манас” аэропортунан үйдөн чыкпай отуруу, эч ким менен байланышпоо, дене табы көтөрүлсө тез жардамга кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок бул адам Бишкек шаарында уулунун үйүндө төрт күн болгон. 19-март күнү Бишкек шаарынан Нарынга саат 15:00-16:00 чамасында 7 киши менен чогуу бир таксиде келген. 22-март күнү саат 18:30 чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасына обсервацияга жаткырылып, анализ алынган. 28-мартта анализинен вирус табылган. Азыркы учурда изоляцияда. Абалы канааттандырарлык. Эч кандай даттануусу жок.

Аны менен байланышта болгон адамдардын баары көзөмөлдө. Биринчи категориядагы контакт болгон 48 адамдан анализ алынды. Үй-бүлө мүчөлөрү обсервацияга жаткырылды. Алардын анализин эртерээк чыгаруу маселеси штабда облус жетекчилиги тарабынан көтөрүлдү. Экинчи категориядагы контакт болгон 105 адамга үйүнөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жашаган көчөсүнө пост коюлду. Эгер биринчи категориядагы 48 адамдан вирус табылса, экинчи категориядагы адамдардан да анализ алынат.

Сиздерден көптөн-көп өтүнөбүз, үйүңүздөрдөн чыкпай, бардык санитардык жана гигиеналык эрежелерди туура сактап берсеңиздер! Ошондой эле кимде-ким дааватка барган же сырттан келген адамдар менен чогуу бир жерде болсо 5-14-75, 5-08-76 ишеним номурларына чалып, облустук штабга билдирүү зарыл. Бул өзүбүздү жана жакындарыбызды коркунучтан сактоонун эң негизги жолу экенин унутпаңыздар», – деп билдирди басма сөз кызматы.

Булак:Турмуш.кж