Дүйнөдө сутка ичинде коронавирусту жуктургандардын саны 60 миңге жетти

106

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 570 миңден ашты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтында айтылат.

Кечээ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 менен ооругандардын саны 510 миңге жеткендигин кабарлаган.

Ошондой эле сутка ичинде бул илдеттен көз жумгандардын саны дээрлик үч миңге жетти – 26, 5 миңге жакын бейтап. Кечээ 23 миңден ашкандыгы айтылган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

Акыркы маалыматтарга таянсак, коронавирусту жуктургандардын көбү АКШда болгон – 110миңден ашык. Бирок, бул илдеттен эң көп көз жумгандар Италияда – 10 миңден ашуун.