Белгилүү акын Ж. Өзбекова коронавируска арнап, таасирдүү ыр жазды (ыр саптары толугу менен)

328

Кагылайын калайык!

Кадырлуу достор!

Ушундай күндө жүрөк гана эзилет экен, жүрөк гана түтпөйт экен…
Анын үстүнө ден соолукка байланып, көптөн бери алыстабыз. Маалымат булактарынан баарын көрүп жатабыз.
Ар бир адам кичинесинен чоңуна чейин, агынан жарылып, колунда бары менен бөлүшүп жатат.
Мындай кайда бар?!
Алдуусу алсызын сүйөп, жашы карысына камкордук көрүп жатат.
Билимдүүсү илимин берип, акылдуусу ак-батасын тилеп отурат.

Мындай кайда бар?!
Жаралгандан кыргыз каны менен келаткан биримдиги, боорукердиги, намыскөйлүгү жана калыстыгы ушундайда көрүнөт экен.
Күнүмдүк турмушта жайбаракат өзү менен өзү алек, той-аш менен алек, атүгүл кээде, баарына кайдыгер көрүнгөн элдин Ата-Мекен, улут, эл башына сыноо келгенде “бир жеңден кол бир жакадан баш” чыгарган ынтымагы, салттуулугу, Улуу касиети дүйнөнү таң калдырып келатпайбы.
Цивилизациянын туу чокусундамын деген Европа, Батыш өлкөлөрүндө ушундай бар бекен?!

Айланайын ак халатчандар, силерди эмне гана дебедик…
Бүгүнкү кесипкөйлүк жана атуулдук эмгегигиңер менен кайрадан жарк эттиңер! Мээнетиңер кайтып, элибиз аман болсун!
Өтө кылдат сабырдуулук менен иш алып барып жаткан өлкө башчылары, шаар жетекчилеринин изги аракеттерин байкабай койуу мүмкүн эмес.
Менин жетинчи кабаттагы оорукананын терезесинен кең Ааламды телмире тиктеп, жандүйнөмдү сапырып, көп суроолорго жооп издеп жазган ушул ырым Сиздерге ой терметип, рух азыгы болгонго жараса экен.

Ак чачтым, Таажы… Ак чачтым!
I
Таажытумоо-
Таасири күчтүү Ханыша!
Солк этти жүрөк,
Солк этпес дүйнө тарыса.
“Теңирмин” деген ,
“Темирмин” деген өлкөлөр,
Титиреп мууну,
тизелей түштү жарыша!
Бай-кедей дебей
уясын тапкан чымчыктай,
Үйүр алды үйгө
бар оокат менен алыша
II
Таажытумоо
Күчүң күч экен Ханыша!
Алдастайт Аалам,
карачы амал – айлаңды!
Самолет учпай,
жердеги кушка айланды.
Көк деңиз бетин
чардактар менен талашкан,
Кемелер жылбай,
тизилип портко байланды.
Моторлор өчтү
күн – түнү суудай агылган.
Көз көрдү, мындай
кан жолдор ээн калганды.
III
Таажытумоо
Буйругуң буйрук, Ханыша!
Мекеме, уюм, ишкана,
цехтер токтоду,
Базарлар бошоп,
бакчалар жетим окшоду.
Кайнабай чайы,
чайхана менен кафенин,
чубуруп турчу
Бизнеске салдың ноктону.
Ашыгып келип,
Намазын окуур пенде жок,
Жабылып мечит,
Жамаатын Имам жоктоду.
IV
Таажытумоо
Тарбияң катуу, Ханыша!
Бир үйдө жашап,
көрүшпөй калган үй-бүлө,
Бир ойду багып,
бөлүшпөй калган үй-бүлө.
Кыйналып тапкан
акчасын гана бөлүшүп,
Балкыткан мээрим
төгүшпөй калган үй-бүлө..
Байладың баарын,
чогултуп очок боюна,
Чын бөгөт болдуң,
тытынып чуркаар жолуна.
Кут кирип үйгө,
түндүктөн түтүн булады,
Чоң казан кайнап,
жылыды жүрөк чогуна.
V
Таажытумоо
Каарыңа калдык, Ханыша!
Бороон-чапкын,
Цунамидей селдериң…
Чым этпедим,
“Тынч деп менин эл жерим!”
Жер титиреп,
кыйрап жатса бир калаа
“Андайдан биз алыспыз”-
деп, сезбедим…
“Эки өлкөнүн чыр-чатагы,
согуш…” деп,
Жай көз таштап,
жаңылыктар тизмегин…
Байыркынын
кыйрап жатса дөөлөтү,
Баш оорутуп,
жүрөгүмдү эзбедим!
VI
Таажытумоо,
Жаңылдык-жаздык, Ханыша!
Күн чагылган
Мөңгүнү да койбодук!
Алтын издеп,
Ажыдаардай сойлодук.
Тоо-таш, деңиз,
астын-үстүн тытмалап.
Алдык баарын,
бирок ага тойбодук!
Эне-жердин
үнүн укпай онтогон,
Табигатты талап-тоноп
кордодук!
VII
Таажытумоо,
Күчүн күч экен, Ханыша!
Жер шарын
зор ойлоптурмун,
Теңдешсиз деп кубаты.
Кудайдын да
кээ бир кезде,
Жетпөөчүдөй кулачы!
Эсиргенден, кесирленген-
пенделерден сурачы…
Билдик бүгүн
Билдик чымын жан экенин,
Билдик чырпык шаар экенин,
Бир Вирустан урачу!
VIII
Таажытумоо,
Ким жиберди сени, Ханыша!
Кайгырдык жаман,
келди деп тумоо Каабадан,
Сыйынып бараар
Мекедей ыйык калаадан!
Жараткан Эгем,
кечире көргүн кулуңду,
Сабатсыз, сокур,
тайкы ой кетсе cанаадан!
Ай-Асман эмес,
Турагым, Туурум Жер болсо,
Таап келмек Вирус,
Абадан, суудан, талаадан!
IX
Таажытумоо
Тизгиниң тарткын, Ханыша!
Баары деш кыйын,
түшүндүк окшойт көбүбүз.
Өзгөрөт дүйнө,
Өзгөрөт жашоо, элибиз!
Ушул жер бизге
Аманат экен Алладан
Урпактар үчүн
сактасак экен эми биз!
Ак бермет, алтын
каухарын кошуп берели,
Таажыңа илип,
таарынбай ылдам кет эми!
Эсен-соо болсун,
Ата-журт, асыл денибиз.
Байыркынын көрөңгөсү,
Бабалардын жөрөлгөсү
… жылаанды да ак чачып чыгарышкан.
Ак чачтым сага,
Таажытумоо
Атпай журт, калкыма,
Жолобо! Жолобо! Жолобо!
Төрт түлүк малыма, короомо,
Жолобо! Жолобо! Жолобо!
Ак! Ак! Ак!

Өзбекова Жеңишгүл, акын, драматург.
Москва ш.
25.03.2020ж.