Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 104 кишиге жетти

74

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 104 кишиге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Министрликтин билдиргени боюнча, коронавирус дагы 16 адамда аныкталган.

“Алардын ичинен 6 адам “Москва-Ташкент” чартердик каттамы менен 26-мартта учуп келген, дагы 7 киши ошол эле күнү “Стамбул-Ташкент” каттамы менен келген. Ал эми калган үчөө алар менен аралашып жүргөн адамдар”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.