“Лимонти” аттуу кримтөбөлдү өлтүрүп кетишти

450

Нарын шаарында “Лимонти” деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Маалыматта, 28-март күнү Алмаз Сулайманов Нарын шаарынын борборунан саат 13:15 чамасында өлтүрүлгөн. Учурда шектүү кармалып, камакка алынды.

Кaktus.media басылмасы милициядагы булактарына таянып, “Лимонтини” 2000-жылдары өлтүрүлгөн Имаш аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнүн жакыны өлтүргөнүн жазды. Шектүү сөөктү машинеге салып милицияга өзү келген. Басылманын маалыматында, ал маркумду бычак менен моюнга сайган.

Сулайманов 2013-жылы да Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ал бир нече кылмыштарга шек саналып соттолгон. Кийин жатак абакка которулганы кабарланган.