Коменданттык саатты бузгандарга айыппул салынат

35

Коменданттык саатты бузгандарга айыппул салынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

“Коменданттык саатты бузгандарга укук бузуулар кодексине ылайык протокол түзүлүп, эскертүү берилет жана административдик айып салынат”, – деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн саат эртең мененки саат 07:00гө карата 157 жаран кармалган: 134 эркек, 23 аял. Кармалгандардын арасында 5 чет элдик жаран жана 3 жаш өспүрүм бар.

27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар менен райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.