Ишенимге арзып, ийгилик жараткан Турсунбеков

2133

Жогорку Кеңеште ишкерликте ийгилик жараткан, саясатта туруктуу позициясы менен бааланган Чыныбай Турсунбеков деген депутат бар эмеспи. Үзүрлүү эмгеги менен Жогорку Кеңештин Төрагасы болууга да жетишкен. Түбү Нарындык, ɵзү ири бизнесмен. «Акун» деген ири компанияны түптɵгɵн инсан катары калың журтка кеңири таанылган. Кийин мандат алып элиме кызмат кылайын деген аруу тилек менен саясатка баш багып, парламенттин босогосун аттаган эле. Келгенден бери тɵш кагып мактанганын кɵрɵ элекпиз. Атына заты жарашып, тынч эле, акырын эл үчүн ɵзүнүн ишин аткарып жатат. Карапайым калктын социалдык жана ар-тараптуу маселесин кɵтɵрүп койгонун кɵрүп жатабыз. Жар салып айтпастан эле кайрымдуулук иштерди да кɵп жасап жүргɵнүн билебиз дегендей. Акырын жүрүп Ала-Тоодой эмгек кылып аткан азаматтардын бири десек жаңылышпайбыз. 2020-жылдагы шайлоону утурлай Чыныбай Акуновичке «куда» түшүп, биздин партияга кошул дегендердин катары калыңдап атыптыр. Бизнесте эле эмес, саясатта дагы салмак топтоп ийгилик жарата алган Турсунбеков кайсы партияга кошулса дагы ишенимди актай алаары талашсыз. Бирок принципиалдуу мүнөздөгү саясатчы катары, жан дүйнөсүнө жакын, эң башкысы партиянын платформасы менен идеологиясы жүрөгүнө төп келсе гана барып кошулаары турган иш…

ЧЫНДЫК