65 жаштан уулу жана боюнда бар медициналык кызматкерлер акчасы төлөнүүчү эмгек өргүүгө чыгарылды – Акматова

30

65 жаштан уулу жана боюнда бар медициналык кызматкерлер акчасы төлөнүүчү эмгек өргүүгө чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирусту жуктуктуруп алган 58 учур катталды. “65 жаштан уулу, боюнда бар аялдар жана кичинекей балдары бар медициналык кызматкерлер коронавирусту жуктуруу тобокелчилигин алдын алуу максатында акчасы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгарылды”, – дей ал.